Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев тергөө абагынан жеке клиникага жаткырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өз булактары кабарлашты.
Белгилүү болгондой, парламентарий ооруканага эки жума мурун которулган.
- Жумалиевге жүрөк-кан тамыр оорусунун диагнозу коюлган, - деп билдирди маалымат булагы. - Менин билишимче, ооруканага жаткырууга жүйөлүү себептер болгон. Азыр ал оор операцияга даярданып жатат.
Учурда элдин тандоосу "Бикард"клиникасынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө - Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов ушул эле медициналык жайда дарыланууда.
Клиниканын башкы дарыгери Дамир Осмонов комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.
Эскерте кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев коррупцияга шектелип кармалган.
Булак: vesti.kg