-Турсунбек мырза, Конституция кабыл алынат дегенден бери Венециялык комиссиянын сунуштарын эске алуу керек. Аларды эске албасак мамлекет артка кетет. Демократиядан алыстайт. Эл аралык уюмдардын алдындагы милдетин толук аткара албай калып, мамлекеттин аброюна шек келет деген ойлорун айтышууда. Кыргызстан Венециялык комиссиянын сунуштарын кабыл алганга милдеттүүбү?
-Венециялык комиссия аргументтер менен Кыргызстандын ички ишине кийлигишпей, референдумга каршы келбеген сунуштарды айтса, алардын сунуштарын аткарышыбыз керек. Эгерде Конституциянын, референдумдун чечимине каршы келген сунуштарды айтса, биз аны аткара албайбыз. Тагыраагы, алар 70-беренени айтып, “президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп кетиптир, президент монстр болуп калыптыр, өкмөт менен парламенттин көп укуктарын өзүнө тартып алыптыр” деп айыптап жатышат. А чынында ал маселенин экинчи жагы да бар. 10-январдагы референдумда президенттик башкарууну эл өзү тандады. Ошондой болгондон кийин президентке ыйгарым укукту толук беришибиз керек. Анткени, өлкөдөгү абалга президент керт башы менен жооп берет. Ошон үчүн элдин чечимине каршы келген чечимдерин кабыл алалбайбыз.
-Абройлуу делген Венециялык комиссиянын сунушун эске албаган мамлекеттер барбы? Болсо алар кайсыл мамлекеттер?
-Венециялык комиссиянын сунуштарын эске албаган мамлекеттер толтура. Алардын бири Казакстан. Венециялык комиссия Казакстанды канча жылдан бери эле айтып, президентин “монстр болуп кетти” деп, өздөрүнүн тийиштүү корутундусун чыгарып келе жатат. Бирок, Казакстан алардын чечимин капарына деле алып койгон жок. Бир адам 30 жыл мамлекетти башкарды. Ошондой эле Түркия мамлекети мурда парламенттик башкаруу болсо, эки жылдан бери президенттик башкарууга өттү. Муну да Венециялык комиссия сындады, айтты. Бирок Түркия мамлекети алардын сынын уккан да, кабыл алган да жок. Белоруссияны канча айтышты. Бирок, Лукашенко аларды тоготуп да койгон жок. Кыскасы, толтура мамлекеттер Венеция комиссиясын уга бербейт.
-Андай болсо, Кыргызстан кандайча Венециялык комиссиянын таасиринен чыга албай турган болуп калган?
-Чынында Кыргызстан Венеция комиссиясынын алдында келин жүгүнгөндөй жүгүнүп, кичи пейил, ийкемдүү болуп жатабыз. Айрыкча, Отунбаева менен Текебаев алар менен дос болгон үчүн ушундай абалга кептелдик. Себеби, Текебаев Венециялык комиссиянын мүчөсү катары дайыма барып турат. Данияр Нарынбаев досун ээрчитип алып, алардын сөзүн угуп, Кыргызстанга койгон талаптарын аткарууга ашыгат. Алар Венеция комиссиясына Кыргызстанды толугу менен баш ийдирип бергени үчүн ушул абалга жеттик. Чынында каржыдан кыйналып, кризиске батып турганда эл аралык уюмдардын кимиси жардам берди? Эч кимиси. Ошон үчүн уга турган жерин угуп, укпай тургн жерин укпашыбыз керек. Маселен, Венециялык комиссия “азыркы парламенттин Конституцияны кабыл алганга моралдык укугу жок”- деди. Конституцияны президент тарабынан түзүлгөн Конституциялык Кеңешме иштеп чыкты.
-Андай болсо, эмнеге Венециялык комиссиянын корутундусу менен коркутуп жатышат?
-Кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар, граждандык коомдор, юристтер “Венеция комиссиясы ушундай жыйынтык чыгарды Кыргызстан сөзсүз аткарыш керек. Аткарбасак эл аралык институттар акча бөлбөй коёт” деп коркута башташты. Бул туура эмес. Эгер кабыл ала турган сунуштары болсо кабыл алабыз. Эгер референдумга жана элдин чечимине каршы келе турган сунуштар болсо, кабыл албай деле койсок болот. Ошондуктан Венециялык комиссиянын корутундусу менен коркута бериштин зарылчылыгы деле жок. Венециялык комиссиянын мүчөлөрүнө биз Конституциялык Кеңештин мүчөлөрү расмий түрдө кайрылганы жатабыз. Анткени, алар конституцияны сындагандардын гана маалыматтарын угуп, бир жактуу чечим чыгарган. Ал эми конституцияны иштеп чыккан эксперттердин жана бийликтин пикирин уккан эмес.
-Баса, Конституцияны бийликке кошомат кылгандар жазды деп сындагандар көбөйдү. Конституцияны чындап эле тажрыйбасы жок, бирок кошоматты катыра кылган адамдар жазганбы?
-Конституцияны жазган Конституциялык Кеңешменин 98 мүчөсүнүн ичинде чыны менен ар түрдүү адамдар бар. Алардын арасында кошоматчылары, бийликте отургандары, депутаттар, илимий кызматкерлер, окумуштуулар да бар. Арасында бийликке барыш үчүн көрүнүп коёюн деген кошоматчылар да бар. Ошондой эле мамлекетке чын жүрөгүнөн күйгөн, “бийликти бир адам башкара турган абалга жетсек экен, партиялардын башаламандык парады токтотсо экен, тартип орносо экен, парламент билген талканын чалбаса экен, өлкөдө тынчтык анан стабилдүүлүк орносо экен” дегендер да бар болду. Конституциялык Кеңешменин катарында мына ошондой ак жүрөк саясатчылар, өкмөттүк эмес уюмдун мүчөлөрү бар болгону үчүн Конституцияны бир нече тажрыйбалуу адамдар сүйрөп, жол көрсөтүп, кеңешин берип турушту. Айрымдары жалындуу сөздөрү менен Конституциялык кеңешменин жаш мүчөлөрүнө жол көрсөтүп, үмүт, дем берди. Кандай болгон күндө да материалдык кызыкчылыкты жогору койбой, маяна албай Конституциянын сапаттуу долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке өткөрүп бердик.Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүн кошоматчы деп айтып жаткандар Конституцияга каршы чыккан 7-8 депутат, өкмөттүк эмес уюмдун мүчөлөрү, Отунбаева жана Атамбаевдин жактоочулары, колдоочулары болду. Анткени, алардын аброю түшүп, Текебаевдин доору бүтүп баратат. Текебаевдин жана Атамбаевдин партиясынан шайлангандар Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүн каралаш үчүн “кошоматчы” деп атап жатышат.
Булак: "Майдан. kg" гезити