- Эсенгул агай, Венециялык комиссиянын корутундусу чыкканы: “аны аткарыш керек дегендер” да, аны “эске албай койсок болот” деген пикирлер да арбын айтылууда. Сиздин оюңузча Венециялык комиссиянын сунушун эске алышыбыз керекпи же ага маани бериштин зарылчылыгы жокпу?
 

- Кыргызстан БУУнун мүчөсү болгондугуна байланыштуу эл аралык мамилелердин негизинде адамдын жашоосуна байланыштуу көптөгөн эл аралык келишимдерге да макулдашууларга кол коюп келет. Бирок кандай келишимдер болбосун, ошол эле Венециялык комиссиянын чечимин алалык, биз эгемендүү мамлекет экенибизди жана өзүбүздүн Конституциябыз бар экенин унутпашыбыз керек. Венециялык комиссиянын корутундусу алардын өз ою, биз аны сөзсүз түрдө аткарууга милдеттүү эмеспиз. Биздин калыптанып калган каада-салтыбызды, акыркы өткөн элдик референдумдун жыйынтыгын президенттик башкаруу формасын тандаганын эске алуу менен ички мамлекет саясатыбызды жүргүзүүгө укуктуубуз. Ал эми адам укугун сактоо, коррупцияны жоюу жана мамлекетибизди өнүктүрүү жаңы Конституциябыз кабыл алынгандан баштап, Кыргыз Республикасынын президентинин түздөн түз милдети болуп калат.

- Андай болсо эмнеге Венециялык комиссиянын кортундусун айтып, анын кесепеттерин санай башташты?
 

- Венециялык комиссиянын корутундусуна таянып, элди бөлүп-жарууга баргандардын башында тургандар бул иштеп жаткан Конституцияны калтырып, мурунку бийлик формасында жашоо максаты, тактап айтканда эч жоопкерчиликсиз бийликте иштеп баюусун көздөшүүдө.

Булак: "Майдан. kg" гезити