- Уран мырза, айрымдар Венециялык комиссиянын берген сунушун эске алып, корутундусун көңүл борборуна алуу зарылчылыгын айтыыда. Айрымдар алар берген сунушка маани бербей койсо да болоорун айтышууда. Кайсы пикирге таянсак болот?
- Ооба, биз көп эл аралык келишимдерге кол коюп, ошол келишимдерди аткарууга милдеттүүбүз. Бирок мамлекеттердин көз карандысыздыгын сактоо жөнүндөгү эл аралык декларацияда эгемендүүлүктү сактоодо улуттук мыйзамдардын, эл аралык мыйзамдардан жогору турары так жана таамай жазылган
- Венециялык комиссиянын сунушун эске албай койсок, эл аралык аренада кандайдыр бир тоскоолдуктарга кабылбайбызбы?
- Венециялык комиссиянын сунуштары өздөрү жазган концепция боюнча сунуш иретинде гана берилет. өздөрүнүн эгемендүүлүгүнө доо кетирүүчү сунуштарды четке кагууга ар бир эгемендүү мамлекет укуктуу. Суроо башкада. Биз эл аралык уюмдарга көз карандыбызбы? Айткандарын укпасак кандай экономикалык же саясий санкцияларга туш келебиз? Бүгүн дүйнөдө болуп жаткан экономикалык, финансылык кризис жана глобалисттер тарабынан иштелип чыккан «короновирус» афёрасынан дүйнө эли жаңы тартипке келип, эскиче жашоого мүмкүн эмес экенин ташка тамга баскандай көрсөтүп койду. Жаңы дүйнөлүк тартип орногон доордо. МВФ, ПРООН, ООН, ЮСАИД, ВОЗ деген эл аралык уюмдар концепцияларында кооз кылып жазып койгон милдеттерин аткарбай, эл аралык жандармга айлангандыгына байланыштуу алардын кереги жок экенин далилдеди.
Булак: "Майдан. kg" гезити