- Кеңешбек мырза, Венециялык комиссиянын сунушун эске алышыбыз зарылбы?
- Кыргызстан көптөгөн эл аралык уюмдардын ( ООН, ОБСЕ, ШОС, ОДКБ ж.б.) мүчөсү. Уюмдарга киргенде, келишимдерге ылайык мойнубузга көптөгөн милдеттенмелерди алганбыз. Ошолордун алкагында аларды сактоого, аткарууга милдеттүүбүз. Акыркы жылдарга чейин Кыргызстан биздин региондогу өлкөлөрдүн ичинде, эл аралык милдеттенмелерин сактаган, сыйлаган, демократиялык мамлекет болуп эсептелип, эл аралык аренада абройу бир топ өйдө болгон. Тилекке каршы, көп позицияларыбызды алдырып, артка кеттик. Себептерин айтпасак да түшүнүктүү. Муну, өзгөчө, журналисттер, коомдук активисттер абдан жакшы билишет, жон териси менен сезип жүрүшөт.
- Венециялык комиссиянын сунуштарын эске албай койгон мамлекеттер барбы? Алардын сунушун кабыл албай койсок, эл аралык чөйрөдө кандайдыр бир тоскоолдукка кабылбайбызбы?
- Венециялык комиссия конституциялык курулуш, адам укуктарын коргоо сыяктуу маселелер боюнча дүйнөдөгү эң бийик абройдогу уюм. Анын сунуш, корутундулары менен эсептешпей койгон мамлекеттер бар. Алар биринчи кезекте авторитардык, диктатордук, жеке же кландык бийлик орногон өлкөлөр. Венециялык комиссия менен иштешпей койсо деле болот, бирок бул өнүккөн мамлекеттер (өзгөчө Европадагы) менен кызматташууда, инвестиция алып келүүгө зор кедергисин тийгизет. Ал комиссиянын сунушун эске алып, Конституцияны кайра иштеп чыгыш керек деген адамдар Кыргызстандын душманы эмес, коомдун укуктук талаада өнүгүүсүн, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жана адам укуктары сакталышын каалаган жарандар.
Кыскасы, Венециялык комиссиянын сунуштарын эске алуу Кыргызстан үчүн, өнүгүү үчүн керек. Эске албай койсок, анын башка мамлекеттер үчүн ысык-суугу жок. өзүбүздүн сазыбызда өзүбүз жуурулушуп жата беребиз.
- Апрель айында Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алган Конституция кабыл алынса, кайчы пикирлер жаралбайбы?
- Менин оюмча, эгерде апрель айында боло турган референдумда, сунушталып жаткан Конституция эч өзгөрүүсүз кабыл алынса, мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсү терс жагына кетет деп ойлойм.
Булак: "Майдан. kg" гезити