Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 107

Бул сапар Бишкек шаардык кеңешин шайлоо өзгөчөлөнө турган болуп калды. Талапкерлерден баш айланат, өткөн жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы таанылбай калып өксөөсү ичинде калгандар да, чоңун болбосо да кичүүсүн эрмектей турайын дегендер да жабыла ат салышты. Жергиликтүү шайлоо күзүндө болчу парламенттик шайлоо алдындагы «репетиция» же «разминкадай» эле милдетти аткара турган болуп калды.

Талапкерлер аянтына жапырыла чыккандарды талкуулаардан мурда шаардык кеңеш тууралуу баяндайлы. Шайланган адам шаардык кеңештин депутаты болуп 4 жыл отура алат. Жалпы кеңештин курамы 45 депутаттан турат. Кайсы бир чечимди кабыл алууда же добуш берүүдө 23 депутаттын катышуусунда кворум болот. Депутаттар борбор калаанын тагдырына байланышкан токтомдорду кабыл алышат, функциясына жана ыйгарым укуктарына туура келген маселелердин баарын чечишет жана кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылуусун көзөмөлдөшөт. Башкысы - шаардык кеңештин депутаттары айлык маянасыз иштешет, башкача айтканда «жылаңач баатырлар».

Учурдагы иштеп жаткан курамдын 32си кайрадан шайлоого аттанышканын белгилей кетели. Талапкер болуп 25 саясий партия катталды, мүчөлөрүн эсептегенде 45 орун үчүн 1820 адам ат салышууда. Айлыгы болбосо да каалоочуларды магниттей тарткан шаардык кеңештин эмне сыры бардыгы коомчулукка дайын эле болсо керек. Буга чейинки курамга жалаң куруучу компаниялардын башчылары чогулганынан эле шамал кайсы жактан жортоору дайын болгон. Шаардык депутаттар эл көзүнө чыгып, парламент депутаттарындай белгилүүлүккө жете бербегени менен тынч отуруп алып, көп ишти өз пайдасына ылайыктап чечип алууга эң мыкты шарт табышат. Айрыкча, бул бизнес жаатынан келген талапкерлер үчүн асмандан издеген жерден табылгандай эле нерсе.

Бак издеген талапкер

Ар бир шайлоодо, мейли ал парламенттик же жергиликтүү болсун карталар алмашкандай эле талапкерлердин да алмашуусу адатка айланып калбадыбы. Бул сапар да ар кандай себептерден улам партия алмаштыргандар ондоп саналат. «Республика - Ата Журт» партиясы менен буга чейин депутат болуп келгендер эми айрымы «Республика» партиясына оосо, жарымы башка партиялардын этегин кармашты. Шаардык кеңештеги «Кыргызстан» фракциясы бул сапар да шайлоого катышты, бирок анын катарындагы талапкерлер толугу менен жаңыланды. Башкача айтканда, буга чейин «Кыргызстандын» катарынан шаардык кеңеште отургандар кайрадан талапкер болууда башка партияларга ык салышты. Мурдагы “кыргызстандыктардын” басымдуу бөлүгү “Ата-Журт Кыргызстан” менен “Эмгек” партияларына тарап, сиңип кетишти.

“Ынтымак” партиясын Марлен Маматалиев баштап баратат. Ал парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде алдыңкы орунда барган. Айрым маалыматтарда аталган партия Раимбек Матраимовдуку деп аталып жүрөт, бирок Маматалиев бул фамилияны жанына жакындатпай, ал кишиге эч кандай байланышы жоктугун безеленүүдө. Ишенген ишенет, ишенбеген ишенбейт дегендей.

“Жетсе башың булутка, тууганыңды унутпа”

Парламенттин мурдагы, азыркы депутаттарынын дээрлик тең жарымынан көбүнүн уул-кызы, иниси, карындашы, келини, жубайы, жээни, бөлөсү ж.б.лары шаардык кеңешти үй-бүлөлүк бийликке камылга катары пайдаланып келишет. Мындай адат нечен жылдан бери калыптанып калды. Бул сапар да бул унутта калбады. ЖК депутаттардын, аткаминерлердин жакындары талапкерлердин арасынан жарк этип көзгө көрүнөт. Алар: “уялчаак” депутат Камчыбек Жолдошбаевдин иниси менен кызы Таалайбек Сариев жана Наргиза Жолдошбаева талапкерлердин катарында. Бул экөө төрт жыл шаардык кеңеште депутат болушту, “өнүгүү-Прогресс” фракциясынан. Кайрадан шайлоого баратышат. Мындайда Камчыбек Жолдошбаев уялбайт окшойт.

“Республика” партиясынын тизмесинин экинчи катарында Жк депутаты Гүлкан Молдобекова менен мурдагы аткаминер Мирбек Асанакуновдун уулу Марат Аскеров турат. “Бүтүн Кыргызстанда” ЖК депутаты Иса өмүркуловдун мурдагы кеңешчиси Улукбек Тилектешов бар. “Кыргызстан коммунисттер партиясынын” катарын экс-депутат Исхак Масалиевдин кызы Каныкей Масалиева, “Замандаш” партиясын маркум Мухтар өмүракуновдун уулу Аскар өмүракунов толуктаган.

Ошондой эле, мурдагы башпрокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Куванычбек Конгантиев, ЖК депутаты Эмил Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова дагы «аталардан келаткан салтты» бузушкан жок.

Аты чыккандардын баары партияларга

Бир сезим жаралды - партиялар элге бир аз төбөсү көрүнүп калгандардын баарын бөлүп алышкандай сезилди. Айрыкча, соцтармактарда катталуучулары көптөрдү добуш чогултууга шарапаты тийчүдөй сезип кошуп алышкандай. Шаардык кеңешке талапкер партиялардын катарында кимдер гана жок. Маданият, адабият өкүлдөрү, ырчы, чоорчулар, журналисттер. Айрыкча, айрым партиялар элге таанымал ырчыларды алдыңкы катарга коюп, ал аркылуу элдин көңүлүн өздөрүнө буруу жандалбасын кылып атканы байкалат. Экс-депутаттар жана мурдагы аткаминерлер да тизмелердин көркүнө көрк кошушту. Президенттик шайлоого талапкер болуп, бирок эл добушуна ээ боло албай калгандар да бирден партияны жетелеп чыгышты.

Ошондой эле, Бишкектеги курулуш компаниялары ар бири бирден өкүлдөрүн аттап-тондоп жөнөтүшкөнбү, «НурИмарат Курулуш», «СкайСтрой», «ПРП Констракшин», «ИлТег строй компания», «Памир Стройдун» директорлорун да табууга болот. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев дагы “Ак Бата” партиясын баштап, шаардык кеңешке баратат. Мындан улам шаардык кеңешке шайлоо катуу атаандаштыктын алдында катуу кармаш менен болчу өңдөнүп калды.

Кош канаттуу убадалар

Парламенттик шайлоо бул жакта калды. Шаардык кеңешке ат салышкан талапкерлердин берген убадасынан Бишкек эмитен эле өзүнөн өзү жаркып бараткандай. Арасында эмнелер гана жок: көрктүү, таза шаар, даңгыр жол, таза аба, бийик имараттар... Ал турмак бир партия шаар ичиндеги суу аккан өзөндөрдүн жээгин бойлото кудум чет өлкөлөрдөн тартылган сүрөттөрдө көрүнгөндөй жарыкка, бак-шакка толтуруп жиберээрин убадалады. Анысын да түшүнсөк болот, 45 орун үчүн 1820 талапкерди камтыган 25 партия баратса, учурганга ынанымдуу убада деле калбай калат да.

Ким алдыда?

Партиялардын парадын карап, кимдин айтканы туура, ким асмандан эмес реалдуу жашоодон алынган убадаларды берүүдө жана айтканынын өтөөсүнө чыгат деп талдагандар жок эмес. Соцтармактардын колдонуучуларынын пикирине таянсак, “Ак бата” партиясына ишеним арткандар көп. Буга себеп - Нариман Түлеевдин бир убактарда мэр болгондугу жана ал ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде аткара алгандыгы. Борбор калаадагы көп жылыштар, жакшы жагына өзгөрүүлөр Түлеев шаарга башчылык кылган учурга таандык экен.

Анан да жаңы түптөлгөн “Ата Журт Кыргызстан” партиясы да көпчүлүктүн жылуу пикирине ээ болуп жатканын белгилей кетели.

Мына ушинтип, 10-апрелге чейин Бишкекте саясий тиричилик кызуу кайнап, 45 орун үчүн миңден ашуун адам тегирмендин ташында айлана беришет...

Булак: "Майдан. kg" гезити