Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 86

"2010 -жылдан баштап Садыр Жапаровдун башына кандай оор күндөр өтпөсүн, мен жанында болдум. Ошондой эле, "Ата Журт" партиясынын башка мүчөлөрүнүн тагдырына да катуу көңүл бурдум...  Бирөөсүн саткан жокмун, таштабадым, колуман келишинче колдоп келдим. Эч кимге милдет да кылган жокмун, кылбайм дагы.

Менин үй-бүлөм да 2010- жылдан бери  куугунтук көрүп келет. Балдарымды, жолдошумду ээлеген кызматтарынан бошотушкан... бирок мен мамлекеттин, элдин тагдырына зыян келе турган маселелерде өз позициямдан, принцибимден, көз карашымдан тайбай келгем. Азыр да тайбайм.

Уулумду  президенттин аппаратынын жетекчиси С. Касмамбетов 1.5 ай мурун чакырып кызматка алышкан. Кечээ мен "Өлкөдөгү саясий абал" деген конференцияда Жерүй, "Камбар Ата -1" маселеси боюнча өз оюму айткан соң, бүгүн уулуму жумуштан кетиришиптир.

Уулум, биздин үй-бүлө эмнени гана көргөн жок, силер сынбадыңар, менин саясий көз карашымы колдоп келдиңер, кандай гана кырдаал болбосун. Ал үчүн мен сиздерге ыраазымын.

Ал эми Садыр Жапаровко айтаар элем, эч кимдин баласына тийбе, мындай "пастыкка" барба деп.

Ал эми, мен тарабынан Садыр, сага өз убагында айтылып жаткан чындыкты, сен түшүнөсүң, экс -президенттердин кейпин кийгенде. Бирок, аттиң, кеч болуп калат. Анткени алар да, өз убагында, менин жана башка күчтүү, таза саясатчылардын чындыкты айткан сөздөрүн, душмандын сөзүндөй кабыл алышкан...", - деп жазды Жылдыз Жолдошова соцтармактагы баракчасына.