Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору:
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, “Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Баатырбеков А.Б., Айдаров С.А., Алтынбеков А., Ормонов У.З., Матраимов И.И., Алтыбаева А.Т., Зулушев К.Т..
Экинчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору:
- “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – өкмөт;
- “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – өкмөт;
- “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Мамашова А.Т..
Үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоору:
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – өкмөт;
- “Укук бузууларды алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – өкмөт.
Булак: Баракелде