Бүгүн 24-март. 2005- жылдагы төнкөрүшкө 16 жыл болду. Ошол 2005- жылдагы элдик козголоңдун башында жүргөн он бир адамдын бири элем. А.Акаевге коңшу мамлекеттердин таасири тийдиби же бийлик азгырыгы акыл -эсинен ажыраттыбы, кыскасы үй- бүлөлүк башкарууну орунотуп, бийликте түбөлүккө калуу аракети жыл сайын күчөп, тээ башында демократияны жактырган оюнан таптакыр кайтып, өзүнө каршы сүйлөгөндөрдү каматып, уул, кызын, күйөө баласынан бери бийликке аралаштырып, аялы Майрам болсо канайым аталып, мамлекеттеги кадр маселесин толугу менен колуна алып, кыскасы Кыргызстанды жеке менчик фирмасындай эле уруна баштаган болчу. Элдин жашоо -турмушу төмөндөгөндөн төмөндөй берген. Мунун абары элдин кыжырын келтирген. Ал кезде элди көтөрүш өтө оор болчу. Анткени, эл өз күчүнө ишенүүчү эмес. Коммунисттик доордон калган бийликтин баса калып билгенин жасап, кааласа камап, кааласа аттырып жиберүүчү өкүм коркунучу эл жүрөгүнөн кете элек эле. Ошондуктан, митинге эл чыгара албай кыйналчубуз. Элдин толук көтөрүлүшүнө ошол жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо чоң түрткү болуп берди. Бийлик шайлоодо чектен чыгып кетти. Өздөрү каалаган талапкерлерди гана өткөзүп, эл каалап шайлагандарды алып салышты. Жыйынтыгы жалпы республика боюнча каршылык башталды. Эми ал узун сөз. Кыскартып айтсам ошол элди көтөрүп башында жүргөн адамдардын биринин да оюнда "Бийликти кууп жиберип тартып алабыз"- деген ой жок болчу. Андай ойду ойлой да алмак эмеспиз. Бийлик бул кыймылдагыс аскадай сезилчү.

24- мартта Ак үйдүн астына митинге келгенибизде "Талабыбызды аткарышпай создуктурса, митинг кылып ашса үч күн чыдаар бекенбиз"- деген гана санаада болчубуз. Бийлик өзү ак шапкечендерди уюштуруп коюптур. Алар элди ташка алып кубалап тынч турган элди козутуп жиберишти. Жыйынтыгында эл толкуп, Ак үйдү басып алып А.Акаев качты. Эл толкуганда аны эч ким токтото албайт экен. Ак үйдүн кабаттары менен чуркап, "талкалабагыла",-  деп 7 кабатка чыгып президенттин кабинетин талкалаттырбай араң сактап калганга үлгүргөм.

Ошентип бийлик күтүүсүз алмашып, К.Бакиевдин президент болушуна күтүүсүз шарт түзүлгөн. Ошол кезде элди бийликке каршы чыгууга үндөп жүргөндөр А.Акаев кетсе эле болду, баары туура жолго түшөт. Бийликке Т.Усубалиевдей, А.Масалиевдей элдин кызыкчылыгын гана ойлогон адамдар келет деп үмүттөнүп алыптырбыз. Элди ойготуш үчүн жылдап тыным албай "Кыргыз тил кыймылы"- дегенди уюштуруп "Тилибизди коргойлу"- деген темага жамынып бийликтин жосунсуз иштерин ачыктап, республиканы толук кыдырып чыккан элем. Максат А.Акаевди бийликтен кетирип, үй- бүлөлүк башкарууга жол бербеш болгон. Ким билиптир бийлик дегениң ажыдаарга айландыраарын. К.Бакиевдин баласы Максимдин: "А.Акаевден балдары дөдөй болчу. Мен алардан акылдуумун. Мен чыныгы үй- бүлөлүк башкарууну орнотом",- деп чыгаары ойго да келген эмес.

Андан кийин деле эмне болду? А.Атамбаев ошол эки төнкөрүштөн сабак алдыбы? Алса бүгүн түрмөдө отурат беле? С.Жээнбеков сабак салса 5- октябрь болот беле? Менин таң калганым өткөн төңкөрүштөгү окшоштуктар. 24- мартта эл бийликке өткөн шайлоону жокко чыгарып кайра шайлоону калыс өткөзүп бер деп гана келген. 5-октябрда да эл "Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып кайра калыс өткөзүп бер"- деп гана келишти. Акмакчылыкты бийликте отургандар өздөрү кетирип, Эл талабы аткарылбай иш айран болуп атпайбы. 24- март төнкөрүшүнүн эң башкы артыкчылыгы эл бийликти өз колуна тартып алууга күчү жерээрине ишенгендиги. Элдеги ушул ишеним бүгүн керек болсо ашыкча кетип "Каалаган учурда кандай бийлик болсо да кууп жиберебиз"- дегенге өтүп,  мамлекеттүүлүгүбүздүн туруктуу өнүгүшүнүн келечегине коркунуч келтирген "ооруга" айланды. Бийликте отургандар ушун эстеринен чыгарбоосу керек.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу