Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 153

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттери көпчүлүктө үмүт арттырууда. Аз күн мурда Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, муз ордунан козголгондой болду. Тажикстандын чек ара боюнча жооптуу адамдары менен сүйлөшүүлөрү кандай нукта жүрдү, Ташиев Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргой алды бекен деген таризде санаага батып жаткан чакта, Тажикстандын маалымат каражаттары бул боюнча маалыматтарды жарыялады. Ал маалыматтарда Камчыбек Ташиевдин маселени кабыргасынан коюп, улуттук кызыкчылыкты баарынан жогору койгонун окуп, биле алдык. Тажикстандын журналисттери: “Ташиев чек ара маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгын катуу коргоп жатат”- деген өңүттө жазышты. Бул албетте, бизди кубандырып, Ташиевге болгон ишенимди арттырбай койгон жок.

Эми Камчыбек Ташиев Ташкентке учуп кетти. Ал жакта эки күн бою өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен кыргызөзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эмне дейбиз, Камчыбек мырзанын Ташкенттеги сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү болуп, чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыкта чечип келүүсүнө тилектешпиз. 

Булак: "Майдан. kg" гезити