"Биздин Конституцияда, азыркысында да, болочоктогусунда да бир маанилүү берене бар: диний жана этникалык негизде түзүлгөн саясий партияларга тыюу салынган! Өзүңүздөр түшүнгөндөй, мындай тыюу болбосо кандай опурталдуу иштер болуп кетиши мүмкүн, айтпаса да түшүнүктүү...
Эми, Венеция Комиссиясы бул чектөөлөрдү алып салыш керек Конституциядан, бул атуулдардын коомдук активдүүлүгүнө шек келтирет деген таризде сунуш бериптир....
Ойлоп койдум: булар Ош окуялары болгонун, диний радикалдар күчөп атканын билеби өзү? Же, Таджикистандагы граждандык согуштун бир чоң себепкери убагында так ошол диний негиздеги партиянын активдүүлүгү болгонун эшитти беле булар?
Ошол үчүн, Венеция комиссиясынын корутундусунун жакшы жагын эске алып, келечекте мыйзамдар аркылуу жөнгө салып коюшубуз керек! Бирок, жогоруда айткан сыяктуу алардын сунуштарын чечкиндүү эле четке какканыбыз туура болот! Андай сунуштарды кабыл алсак, анда Кыргызстанда башаламан, тополоң, диний негиздеги саясий тирешүүлөр, улут аралык ынтымактын баары ыдырашы толук мүмкүн! Бөркүңөрдөй эле көргүлө!" - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, мындан үч күн мурда Венециандык комиссия Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча корутунду чыгарган. Анда Кыргызстандагы конституциялык реформанын бардык процесси олуттуу кемчиликтерге ээ экендиги айтылган. Ошондой эле, сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулоого убакыт керектигин белгилеген.