Анысын азырынча билбейбиз, Башмыйзамдын жаңы долбоору канчалык элдин мүдөөлөрүн аткарарын алдыдагы турмуш көрөсөтөр. Бирок Европа Кеңешинин жана бюросунун демократиялык институттар жана адам укуктары Уюмунун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Венециялык комиссиясы Конституциянын жаңы долбоору боюнча өздөрүнүн бүтүмүн чыгарышты.
Венеция комиссиясынын бүтүмүнө ишенсек, Башмыйзамдын жаңы долбоору бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна шек келтирет экен. “Документтеги айрым нормалар жарандын жеке эркиндигине шек келтирет, демократияга жана адам укуктарынын принциптерине каршы келет. Ошондой эле Конституцияны даярдоо жана кабыл алуу процедураларында олуттуу кемчиликтерге жол берилген” деп айтылат бүтүмдө.
Венеция комиссиясынын мындай бүтүмүн кыргыз бийлиги кабыл алышы керекпи же жокпу деген суроого келгенде, Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев: “Комиссиянын бүтүмү жөн гана сунуштоочу мүнөзгө ээ. Биз кааласак кабыл алып, каалабасак кабыл албай коё алабыз” деген пикирин билдирди.
Булак: "Майдан. kg" гезити