Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 261

 

Өткөн жумада Талас облусундагы “Жерүй” алтын кени ишке киргизилди. Ошентип Кыргызстандагы “Кумтөрдөн” кийинки экинчи орунда турган алтын кенинин айланасындагы Россиялык инвесторлордун колдоруна өткөнгө чейинки, андан кийинки чыр чатактардын, кызыл кулактык саясый, экономикалык оюндардын баары артта калды.

Бул - стратегиялык өнөктөшүбүз делген Россиянын көз карандысыздыктан берки биздин экономикабызга жумшаган эң чоң инвестициялык салымы, бетке кармай турган бирден бир ири долбоору десек болот. Анткени, мамлекеттин катышуусундагы ГЭСтерди, ишканаларды, ири логистикалык борборлорду куруу боюнча башка ири долбоорлордун баары кагазда гана калып келатат. Эгерде “Жерүйгө” да Россиянын өкмөтү же башка мамлекеттик түзүмдөрүнүн бири катышса, ал да жакшы каалоо катары кала берет беле, бирок долбоор жеке ишкерлерге таандык болгондуктан ал тез эле ишке ашты. Анын ачылышына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзү барса, Россиянын президенти В.Путин онлайн режиминде катышты.

Кыргызстан тоо кен байлыктарына, суу энергетикалык ресурстарына абдан бай. Аны айрымдар триллиондогон долларларга баалашууда. Бирок, ал байлыктардын иштетилбей, колдонулбай элдин, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн пайдаланылбай жаткандыгынан улам өлкөбүз жакырчылыктан, кедейчиликтен чыкпай келе жатат. Андай абалды оңдоп, элдин турмушун кескин жакшыртып, сырткы миграцияны азайтуу үчүн ички жана сырткы потенциалдуу инвесторлорду кеңири тартуу керек. Бизде өз каражатына чакан ГЭСтерди, тоо кен комбинаттарын жана өнөр жай ишканаларын куруп, жүздөгөн, миңдеген жаңы жумушчу орундарын түзгөнгө мүмкүнчүлүктөрү жеткидей ишкерлер аз эмес. Бирок, алар өз каражаттарын соода түйүндөрүн, базарларды ачканга, ачкыл-кычкылдарды, суусундуктарды чыгарганга гана жумшашууда. Же биздеги олигархтардын бардыгы соодагерликтен, жөнөкөй алып сатарлыктан жогору көтөрүлө албай жатышат. Эгерде чындап киришишсе, түрктөр, кытайлар иштетип жаткандай чакан комбинаттарды курганга алардын мүмкүнчүлүктөрү деле жетмек. Бирок, биздегилер тезирээк кайтарым бере тургандарды гана көздөшөт.

“Жерүйдүн” жалпы алтын кору 100 тоннага жакын. Комбинаттын кубаттуулугуна ылайык, ар жылы 5 тоннадан алтын өндүрүлүп турса, ал жыйырма жылга жетет. Андан республикабыздын бюджетине алык-салыктардын, милдеттүү чегерүүлөрдүн эсебинен жыл сайын 70 миллион долларга жакын каражат түшөт. Андан сырткары комбинаттын ээлери таза пайдаларынын эсебинен облустук “Бакубат Талас” фондусуна, Бекмолдо Эшимов атындагы айыл аймагына да ири суммадагы каражаттарды которуп турушат. Же жалпысынан долбоор аяктаганга чейин Кыргызстанга комбинаттан 1 миллиард доллардан ашык каражат түшөт. Алтын чыккан жерден кошумча продукция катары күмүш, жез да өндүрүлөт. Алардан Кыргызстандын канча киреше алары белгисиз. Ал тууралуу таптакыр сөз болбогондугуна караганда, ал жөнүндө макулдашууда эч нерсе айтылбаса керек.

“Жерүй” алтын комбинатынын иштей башташы менен түз 1 миңге жакын, ал эми кыйыр түрдө 3 миңдей жумушчу орун түзүлүптүр. Бул чакан облустун эли үчүн чоң жетишкендик. Ал жетишкендикти баалап, сактап өнүктүрүп, өстүрүү гана керек. Бирок, имиштерге караганда алтын комбинатына жумушка орношкон жергиликтүүлөрдүн айрымдары өздөрүн ишкананын толук кожоюну катары эсептешип, башка аймактардан келген адистерге кыр көрсөтүп, кээде жетекчилеринин да тилдерин албай тартипти, психологиялык абалды начарлатып жатышыптыр. Эгерде алар анте беришсе, эртели кеч “Бозумчактагыдай” жаңжал чыгып, жогорку квалификациядагы адистер кетип, ишкананын иши солгундап, анан бир күнү токтоп калышы да ыктымал. Анда ал локалдык чөйрөдөгү өндүрүштүк жаңжалдын чегинен чыгып, эл аралык саясый маселеге айланып кетиши да мүмкүн. Анткени, кайсыл убакта болбосун Россиянын өкмөтү өз инвесторлорунун кызыкчылыктарын коргогонго мүмкүнчүлүгү жетет. Ага жеткирбөө үчүн райондун, облустун жетекчилери, тийиштүү органдары азыртан превентивдүү чараларды көрүүлөрү зарыл.

Президент В.Путиндин айтуусу боюнча, долбоорду толук ишке ашырууга Россиянын ишкерлери 600 миллион доллардан ашык каражат жумшашат. Биз үчүн Россия “Жерүй” менен чектелип калбастан 2019-жылы жазында В.Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарындагы жалпы суммасы 6,2 миллиард долларлык макулдашуулардын бардыгынын ырааты менен ишке ашырылуусу өзгөчө маанилүү болуп турат. Биргелешкен макулдашуулардын ишке ашырылуусу үчүн меморандумдардын деңгээлиндеги жакшы каалоо-тилектер аздык кылат. Алар кагаздарда кала бербеши үчүн Кыргызстандын азыркы бийлигиндегилер өзгөчө аракет кылуулары зарыл. Бул алар үчүн сыноо да болуп турат. Аталган жылда Кытай өкмөтү да жалпы суммасы 7 миллиард доллардан ашык долбоорлорду ишке ашырууга кол коюп кеткен. Алар ишке ашырыла баштаса, Кыргызстан тез эле динамикалуу өнүгүү жолуна түшмөк. Элдин күткөнү эле ошол.

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ, Булак: "Майдан. kg" гезити