"Кумтөр - кыргыз саясатчыларынын илхам жаратуу булагы. Эгер алар ушунчалык акылдуу болсо, эмнеге алтын боюнча компания түптөп, өздөрү ала башташпайт.. Көпчүлүк кыргыз саясатчылары Кумтөрдү сындап атып эле саясий карьерасын жасап алышты. Алардын бири президент да болду. Бийликке келээри менен Кумтөрдү мамлекетке алуудан баш тартты.
Мен Кумтөрдү жактабайм, ал жердеги башкы катачылык - биздин өкмөт инвесторлор менен иш алып баруудагы, ал турмак өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын сактаган келишим түзүүдө тажрыйбасы жок кезде майда кендерден баштабай, эң чоңун берип салышты", - деп жазды экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов соцтармактагы баракчасына.