Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 130

"Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына менин улуу кызым Каныкей да койду. Ар кандай сөз болот, жакшысы да жаманы да бар. Актаныш максатында эмес, түшүндүрүү катарында бир эки сөз жазып койгонуну туура таптым.

Каныкей он беш жылдан бери коммунисттердин катарында, биздин уюмга колунан келген жардамын көрсөтөт. Шаарда төрөлүп чоңойгон жаштардын бирөөсү, шаардын турмушун өзгөртүүгө аракети бар.

Эгерде кайсыл бир чон кызматка дайындоо болсо, ага менин аракетим зарыл болсо, мен эч качан жол бермекчи эмесмин. Дайындоо менен шайлоонун айырмасы бар.

Шаардын тургундары колдоп, партиябыз депутаттык мандаттарга ээ болсо - Каныкей кызмат кылганга даяр. Бирөөлөрдүн балдарын партияга чакырсам, өзүмдүн балдарым четте турса кандай болот?

Балким Каныкей, "умный" сөздөрдү айта албайт, балким убада бергени үйрөнгөн эмес - таза кызмат кылса жетишет деймин.

Аталарбыздын жолун улантабыз деген ураан менен чыкты коммунисттер, мындан артык кандай ураан бар?

Баарыңарга - балдарыңар жолуңарды улантсын деп тилеймин!" - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин басымдуу бөлүгү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана мурда депутат болгондордун уул-кыздары экени коомчулуктун талкуусунда болуп жаткан.