Блогер Тилекмат Куреновдун камакка алынышы боюнча экс-депутат Жылдыз Жолдошова пикирин билдирди. Ал өз пикирин айткан жаштарды камоо, кысымга алуунун арты жакшылыкка алып келбейт деп эсептейт. 

"СССРдин мурунку 15 мамлекетинин арасынан Кыргызстан демократия жолун тандап алды. Демократия деген мыйзамды сактап жана ага баш ийип жашоо дегенди билдирет. Ошол эле убакта сөз эркиндигин туура колдонуу. Кийинки убакта болуп жаткан окуялар жаш блогер же саясатка жаңы кадам таштагандарды камоо башталганын туюндурууда. Тилекмат кандай сөздөрдү жазган, жазбаганын күч органдары териштириши керек. Биз да жаш болгонбуз, жаңы саясатка аралаша баштаганыбызда бизден да ката кеткен. Саясаттагы улуу муун көп катачылыгыбызды жаштыгыбызга шылташкан. Өтө катуу чара колдонбойт эле. Ошондуктан, азыркы бийлик да адегенде эле катуу чара көрүүнүн ордуна биринчи түшүндүрүү иштерин жүргүзүщү керек беле... Мен мурдагы бийликтердеги каматуу, коркутуу системасы жаңы бийликтин келиши менен өзгөрөт го деп ойлогом. Анткени, азыркы бийликтегилердин башынан акыйкатсыздык өткөн, түрмөгө отурушкан. Чыныгы коррупционерлер бийликтин колтугуна кирип алышып, алтын кендерден үлүшүн алып, жыргап жүрүшөт. Күчтүү инсандардын баары акыйкатсыз камалып, сынышты. Эгер биз 40-50 жаштагы жаш саясатчыларды, андан да жаш блогер, журналисттерди камоону уланта берсек, анда кыргызга башка жактан душман керек эмес. Кыргыз өзү кыргыздын мыкты уул-кыздарынын түбүнө жетет", - деди Жылдыз Жолдошова.