Анын айтымында, Ош шаарында эмитен эле шайлоо мыйзамдары бузулууда.

“Админстративдик ресурстар катуу пайдаланылууда. Ошондуктан шайлоо таза, ачыкайкын өтпөй турганын бөркүмдөй көрүп турам. Буга карата чечкиндүү чараларды көрүү керек. Эгерде Бишкекте шайлоо таза өтсө, бирок Ошто таза өтпөйт”,- деди Мырзакматов.

Буга чейин Ош шаарында шайлоолордун таза өтпөстүгүн, админресурс пайдаланылышы мүмкүн экенин Ош облусунун башчысынын ысымы менен да байланыштырышкан.

Анткени, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов шайлоого катышып жаткан партиялардын биринин уюштуруучусу экендиги белгилүү болгон.

Маалымат үчүн айта кетсек, Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына жалпы болуп 9 партиядан 702 талапкер ат салышууда.

Булак: "Майдан. kg" гезити