Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 105

Анын белгилөөсүндө, АКШ тарап Кыргызстандын аймагында кылмыш кылгандары үчүн айыпталгандарга карата кош стандарттуу мамиле кылууда.

“Мен ТИМ аркылуу АКШнын биздеги элчилигинен Камчы Көлбаевге карата факты, далилдерди сурадым, биз өз кезегинде ачык соттук процесс өткөрмөкпүз. Ага элчиликтин өкүлдөрү да катышса болот. Эгерде биз бул боюнча иш алып барбасак, анда билдирүү кыла беришсе болот эле. Камчы Көлбаев алгач «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча камакка алынган, андан кийин ал келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөдү. Калганын эркиндикке чыккандан кийин төлөдү. Ал эч кимди өлтүргөн эмес. АКШ тарап «баңги зат соодасы менен алектенген, фактылар бар» деп айтып жатат. Биз сурап жатабыз, бизге бербей жатат”,- деди С. Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчысы АКШнын Матраимов менен Көлбаевди айыптап, ошол эле мезгилде АКШнын аймагында экономикалык кылмыштары үчүн качып жүргөн мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди бербей келатканын эскертти. 

Булак: "Майдан. kg" гезити