Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 122

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясындагы абал жакшы эмес окшобойбу. Фракциянын лидери алмашты. Нурбек Алимбековдун ордуна аты-жыты көпчүлүккө белгисиз депутат Бейшеналы Нурдинов фракциянын лидерлигин колго алды. Фракциядагы мындай жүрүш эмнеден кабар берет?

Биринчиден, фракциянын мурдагы лидери Канат Исаевдин орду, таасири бошоңдоп, бүгүнкүлөр үчүн “не желательный” фигурага айланганын билдирсе, экинчиден, саясатташпаган, башкарууга оңой болгон депутаттын келүүсү шарт болгон көрүнөт. Болбосо, Бейшеналы Нурдиновдон башка фракция лидерлигин алып кетчү дымактуулар жок эмес эле.

Ошол эле мезгилде лидерликтен кеткен Нурбек Алимбеков фракция лидерлигине Канат Исаев татыктуу болчу, айла жок, фракция мүчөлөрүнүн шайлоосу менен эсептешүү керек деген оюн айтты.

Булак: "Майдан. kg" гезити