Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 120

"Садыр Жапаровго эң жөнөкөй суроо: Өзбекстандан Кыргызстанга жумуш издеп келгендер көп. Айрыкча курулуш жаатында. Бул факт! А Кыргызстандан Өзбекстанга жумуш издеп барган кыргыздар барбы массалык түрдө? Укпаптырмын...  Эгер Садыр Жапаров айткандай өзбек туугандар бизден 40-50 жылга алдыга кеткен болсо, анда эмнеге бизден алдыга озуп кеткен Өзбекстандын калкы Кыргызстанга жумуш издеп келүүдө?.. Өзү авторитардык бийлик орноткусу келсе эле авторитардык өлкөнү бетке кармагысы келеби?! Башка индикатору жокпу салыштырар?..  Демек, демократия курсу Кыргызстанга жарашпаган үчүн 40 жыл артта калыппыз, андыктан жеке басар бийлик формасы гана өнүгүүгө өбөлгө дегенди айткысы келгени го... Экономика адистери айткылачы, айланайындар: акыйкат үлүшү барбы, кыргыз ажосунун кебинде..." - деп жазды журналист Олжобай Шакир соцтармактагы баракчасына.