Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 116

"Тиешелүү бийлик бутактарынын, БШКнын, мурдагы, кийинки, учурдагы чиновниктердин, саясатчылардын кулагына күмүш сырга! Уул, кыз, бир тууганды, жергиликтүү кеңешке депутат кылган моданы токтоткула! Уят! Бир топтон же бир үй -бүлөдөн бир саясатчы жетет. "Сөзсүз ата -бала, ата -кыз же бир туугандар саясатта жүрүш керек"- деген берене барбы Конституциянын, мыйзамдын же кайсы бир нормативдик актылардын бир жеринде?!

Атаандашкандай модага айлантып алдыңар! Бул жакшы көрүнүш эмес! Абийириңердин барында этегиңерди жаап, эсиңерге келгиле!  Көпкөнчүлүктүн чеги болуш керек! Каражатыңар ашып-ташып жатса завод, фабрика кургула! Жумушчу орун түзгүлө!
Өндүрүш уюштургула!  Үй -бүлөңөр менен жаратмандык кылгыла! Учугуңарды улай турган уул-кызыңар элге кызмат кылышып, такшалышсын. Бардык тепкичтерди басып өтүп, тажрыйба чогултушсун. Эмгектен өзүн көрсөтүшсүн! Татыктуу болсо учуру келгенде "Аккан арыктан суу агат" деп жөндөмүнө карап эл баалайт. Эл өзү көтөрүп алат убагы келгенде. Өзүң кыйратпай жатып, уул-кызыңды "Жергиликтүү кеңешке депутат кылам"- деп жаңы төңкөрүштүн темасына жем таштабагыла!  Депутаттык кызматка - эң кеминде 45 жаштан жогору, тажрыйбалуу, билимдүү, илимдүү, социалдык, экономикалык, руханый жактан такшалган, мамлекеттин башкаруу системасын өздөштүргөн, мыйзамды түшүнгөн, жазган, сүйлөгөн, ой жүгүрткөн, эл арасында кадыр- баркы бар, жүз миңдеген адамдарды ээрчите ала турган, элдин жүгүн көтөрө ала турган, маселени чече билген адамдар болгону жакшы. 

Койнунда жаткан күйөөсүнө, аялына, бала -чакасына, ата -энесине кадыр -баркы жок адамдар эл өкүлү болом десе, аргасыз күлөсүң. Жакшылап мурдуларын тазалап алышсынчы ата- энесинин акчасына чиренгендер. Мындай жол саясаттын жаңы ыплас жолу. Элдин кыжырын кайнатпагыла! Шайлоочулардын кускусу келип жатат, кландык топтордун уул-кыздары, келин, күйөө балдардын, бир туугандардын тизмеде жүргөнүн көрүшүп.

Бул менин жекече пикирим эмес. Коомчулуктагы, эл арасындагы көз караштардын кагылышуусунанкайчы пикирлердин топтомунан келип чыккан жыйынтык. Учурдун ,учур чактын көйгөйү болуп турат", - деп жазды экс-депутат Надира Нарматова соцтармактагы баракчасына.