Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга каршы чыккандардын тобуна Клара Сооронкулова баштаган топту каттоого алып, кошту. 

Эске салсак, Клара Сооронкулова "Реформа" саясий партиясынын катарында депутаттыкка талапкер болууда. Бирок БШК маалымдагандай, талапкерлердин кайсы бир маселеге каршы же макулдугун билдирүүсүнө чектөө коюлган эмес.  

Ошондо, референдум боюнча азырынча беш топ каттоого алынды. Алардын экөө  каршы чыккандар, үчөө колдогондор. 

11-апрелде республикада Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.