"Турдакун Усубалиев "Менин көзүм өтүп кеткиче бириң да саясатка аралашпайсың"- деп балдары түгүл неберелерин да саясатка жолотпогон экен. Тың неберелери учурда чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Кайран киши өмүрү өткүчө таза жашап өттү. Бүгүнкүлөрдү карап туруп аргасыз ушуну мисал кылып жазып жатам.Саясатчы менен олигархтардын балдары биринен-бири ашып саясаттын эшигин талашып жүрүшөт го. Азыркы ЖК депутаттарынын бери дегенде 90 пайызынын балдар, кыздары саясатка аралашууга жулунушууда. Себеби бирө эле. Кыргызстанда мамлекетти уурдап тоноп, тез байып жыргал жашоого жетүүнүн кыска жолу саясатта", - деп жазды жазуучу Чолпонбек Абыкеев соцтармактагы баракчасына.
- Категория: Саясат
- Просмотров: 105