Мурдагы Союз мезгилинде бизге акыл үйрөтүп, жол көрсөткүч “улуу орус агабыз” болуп келсе, Реджеп Тайип Эрдоган бийликке келгенден бери анын ордун Түркия ээлегенге умтулууда. Мурда Россия оор нерселерибиздин баарын көтөрсө, Түркиянын Кыргызстанга “кандаш, жандаш” дегенден башка жарытылуу деле жардамы тийе элек, бирок ментордук тондо акыл үйрөтүп, ички иштерибизге кийлигишкенди адат кылып баратат. Түркиянын өкмөтү 2016-жылы июлдагы төңкөрүш ишке ашпай калгандан кийин кыргыз өкмөтүнөн “Себат” билим берүү системасына кирген ЖОЖдордун, мектептердин баарын жабууну талап кылган. Кыргыз бийлиги ар тараптан талдап, таразалап, анан “Себаттын” Түркиядагы төңкөрүшкө тиешеси жок, демек дүйнөлүк стандарттарга ылайык, лайыктык билим берүүнүн брендине айланып бараткан мекемелерди жабуу бизге зыян деген жыйынтыкка келген, бирок жаңы пайда болгон “улуу аганын” амбициялуу талабын жарым-жартылай да болсо канааттандыруу максатында “Себатты” - “Сапат” деп кайра уюштурган. Бирок,

Түркия өкмөтү ага канааттанбастан, бизден беш жылдан бери “Сапатты” да жаап, мугалимдеринин айрымдарын Түркияга депортациялап, мүлктөрүн, жайларын жаңыдан пайда болгон “Маарифге” өткөрүп берүүнү талап кылууда. Билишибизче “Маарифи” диндештирилген мекемелердин тутуму экен.

Түркиянын жакында Кыргызстанга иш сапар менен келип кеткен тышкы иштер министри Мевлют Чавуш уулу биздин тышкы иштер министрибиз Руслан Казакбаев менен болгон сүйлөшүүлөрүндө “Сапатты” террористтик уюмга теңеп,” ал Кыргызстан үчүн коркунучтуу, демек аны жабуу керек”- дегенди билдирди. Жаш балдарга билим берген мекемелерди террористтик уюмга теңөө жөн эле чектен чыккандык! Кыргызстан эч кимге көз карандысыз эгемендүү өлкө, ким ага коркунуч туудурат, ким туудурбайт, ал маселелерди атайын кызматтарынын, цивилдүү өлкөлөрдүн жетекчилеринин кеңештери менен өзү чечип алганга даремети жетет. Мүмкүн, Фетхулах Гюлендин Түркиянын азыркы бийлигинде тургандар үчүн опурталдуу жагы бардыр, же ал тымызын бийлик, таасир талашуудан эле чыгып жаткан жаңжалдардын биридир, бизге анын ысыгы да, суугу да жок. Алар Түркиянын азыркы бийлигинин өзүнүн ички проблемасы, аларга бизди аралаштырбай өздөрү чечип алышсын. Эрдоган түбөлүктүү түшпөс хан эмес, “бетеге кетип - бел калат, бектер кетип - эл калат” дегендей эсептелүү жылдардан кийин ал да кетет. Ал эми түрк эли түбөлүккө калат. Кокус Эрдоган кеткенден кийин Гюленчилердин же аны тымызындан жактагандардын бири бийликке келип алып, “эмне үчүн Эрдогандын тилине кирип, “Сапатты” жойдуңар эле? Эми аны кайрадан калыбына келтиргиле”- десе, абалыбыз кандай болот? Андай болбошуна ким кепилдик бере алат?

Түркияда буга чейин беш-алты жолу аскердик төңкөрүш болуп бийлик алмашкан. Анын кайталанбасына да эч ким кепилдик кыла албайт. Ошондуктан Кыргызстандын жетекчилиги Түркия өкмөтүнүн кысымына, басымына, алдамчы талаптарына көнбөстөн өзүнүн кызыкчылыктарына ылайык келген гана саясатты жүргүзүүсү керек. “Сапат” - улуттук билим берүү системабыз үчүн табылга экендигин чейрек кылым ырастады. Табылга сакталышы, корголушу, өнүктүрүлүүсү зарыл.

Тынчтыкбек БЕШКЕМПИРОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити