-Каныбек агай, президенттин  Өзбекстанга болгон иш сапары жемиштүү эле болдубу?

- Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон расмий сапары абдан жемиштүү болду. Биз күткөндөн дагы ийгиликтүү болду десек жарашат. Эч нерсе жакпаган адамдар бар. Эми алар дагы аман болушсун. Кыргыз-өзбек алакасындагы жаңы барак ачылды. Эки өлкөнүн лидерлери сонун маанайда өз мамилелерин элдеринин алдында ачык билдиришти. Эми аткаруу бийликтери менен парламенттери мындай жакшы саамалыктарды жогорку деңгээлдерде улантып кетүүлөрү милдет.  Жакшы ниет кылалы! Эки эл достукта жашоого акылуу.

-Сох анклавына  коридор ачууга макул болуптур деген маалымат тарап, жыйынтыгында КПП ачылаары айтылды. КППнын ачылышы эки мамлекет үчүн тең пайдалуу болобу?

- Сохко коридор ачуу жөнүндө эч кандай маалыматты укпадым. Бул жөн эле кээ бир кокуй саясатчылардын фантазиялары болуш керек. Ал КПП мурда деле ачылып иштеп келген. Пандемияга байланыштуу жабылган. Эми эпидемиялык кырдаалга карата карап көрүшөт да. Сохко учак менен каттоо иштери аткарылып эле жатпайбы? Болбогон эле жерден эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге каршы болгон күчтөр бар, мурда дагы болуп келген. Эки элдин ынтымагын көрө албагандар дагы деле бар, тилекке каршы! Биз тарап Баткендин анклав болуп калышына эч качан жол бербейт! Расмий Өзбекстан деле бул маселени адекваттуу түшүнүп турат!

-Садыр Жапаров 20 тез жардамга алданып калган жокпу? Анын КППларды ачууга макулдук бергенин чыккынчылык катары да карагандар чыгып  жатат го?

- Жакшы мамилеге жакшылык менен эле жооп бергенди үйрөнөлүчү? Президент Мирзиёев бизге чын ыкласы менен жардам берип, кол сунуп жатат. Анын артынан болбогон ушактарды тараткандын өзү өтө уят иш! Бул кошуначылык мамилеге доо кетирет! Этият бололу. Тез жардам машинелерин Өзбекстан өзү жасап жатыптыр. Андан көрө биз дагы өндүрүш ишин оң жолго коюга умтулалы!

-Каныбек агай, Унгар-Тоо Өзбекстанга өтүп кетти беле? Ал тоо  Кыргызстандыкы болсо, аны кантип Өзбекстан кийлигишпей турган кылып чечиптир дегендер да чыгып ата го?

 -Унгар -Тоо биздики экендиги эки президент тарабынан тең баса белгиленди. Болгону эле өзбек тарап ал тоого эч кандай дооматы жок экендигин расмий билгизди. Дагы да болсо чагымчылар тынч албай жатышат!

-Президенттин Сириядагы жетим калган балдарды алып келебиз деген аракети мактоого татыйбы? Ал жакка адашып, алданып баргандарга мамлекет кам көрүшү керекпи?

- Убагында Сирияга бир топ эле жарандарыбыз ар кандай азгырыктарга кызыгып барып алышкан. Алардын баштарын айлантышкан диний - экстремисттик уюмдар болушкан. Исламдын чыныгы касиеттерине түшүнбөгөн жарандарыбыз алардын митайымдык алдоолорунун курмандыктары болушту. Канча жарандарыбыздын өмүрлөрү кыйылып кетти! Биздин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы өздөрүнүн чыныгы миссиясын аткара албай келгендиктерин азабы ушул болду да! Түшүндүрүү иштери дагы болбоду. Буга ошол кездеги расмий бийлик дагы күнөөлүү. Президентибиздин жетим балдарды кайра алып келебиз деген аракеттерин колдоп туралы. Бул жерде куру намыс менен чагымчыл саясаттын кереги жок!

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: "Майдан. kg" гезити