-Акыркы айларда Кыргызстан мыйзамсыздыктын сазына батып кетти деген пикирлер көп болууда. Сиз аларга кошуласызбы?
-Ачыгын айтыш керек, 5-октябрдан кийин мыйзамдарды жакшы эле буздук. Мен мурда БШКда иштегем, 5-октябрдан кийинки окуялар боюнча БШКнын учурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекова кийин жооп берип калышы толук кандуу ыктымал. Анткени, БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгара албайт мыйзам боюнча. Шайлоонун өткөнү боюнча чечим чыгарыш керек, өттү, бул партиялар парламентке келди деген гана. А эгер жыйынтыкты тааныбаган болсо, анда 45 күндүн ичинде кийинки парламенттик шайлоо күнүн белгилеши керек болчу. А бизде андай болбоду, демек мыйзам одоно бузулду. Бул тууралуу көрүнүктүү саясатчылар жакшы эле жазды, мен да айтып жаттым. Мыйзам чегинде кетишибиз керек, мындай болуш керек деген билдирүүлөргө тилекке каршы, көңүл бурушпады. Биринчи жолу мыйзамды БШК бузду. Экинчиден, биринчи парламенттик шайлоо өткөрүлүп, 7-чакырылыш шайланып келиши керек эле. Ага дейре Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу боло туруп, парламент шайлангандан кийин Конституцияга өзгөртүү киргизишеби же толук жаңылашабы бул маселеге өтүшсө болмок. Бул маселелер 7-чакырылыштын вазийпасы эле. Себеби, 26-октябрда 6-чакырылыштын мөөнөтү бүттү. Бирок алар “кийинки чакырылыш шайланып келишкенче иштешет” деген беренеге таяп жатышпайбы. Мейли, ошондой болсун, бирок 6-чакырылыштын бул убакыт аралыгында мамлекеттин тагдырын чеччү мыйзамдарды кабыл алмак тургай, колунун учун тийгизүүгө да укугу жок болчу. Парламент мыйзамдуулуктан тайып кетти. Бизде президент шайланды, референдум кошо өттү. Президент ошондо мурунку Конституция менен шайланып калды, а парламент жаңы Конституцияны референдумга коюп жатат. Ошондо, президентти кайра шайлайбызбы? Муну да ойлонуу керек болчу. Ушундай суроолорго Конституциялык кеңешме ачык жооп берип, элге түшүндүрүшпөйбү. Унчукпай отургандары чыккынчылыкка тете. Садыр Жапаров да юристтердин айтканы боюнча иш алып барып жатат да, анан бардык мамлекеттик процесстер бүткөндө “андай эмес, мындай болчу” деген корутундулар чыкса, бул опурталдуу нерсе. Бир сөз менен айтканда, азыркы биздин акыбалыбыз ат артта, араба алдыда болуп жатат.
-Парламенттик шайлоо күзгө жылып кетти. 6-чакырылыштын депутаттарына элдин нааразычылыгы күч. Сиз кандай ойлойсуз, шайлоону жылдырганыбыз туура болдубу?
-Туура эмес болуп калды. Муну ачык айтуу керек. 6-чакырылыштын иштөө мөөнөтү канчалык узартылган сайын, өлкөбүздүн мыйзам талаасында татаалдауу көп болуп кетет. Ошондуктан, элдин нааразычылыгы да көбөйүүдө. Бир чети эл туура нааразы болуп жатат. Анткени, кымбатчылыкты көрсөң жүрөгүң түшөт. Президенттик башкаруу тууралуу айтсам, конституциялык реформага барыш керек, бирок бул ишти шашпай жасоо керек эле да. Мыйзам чегинде 7-чакырылыш менен жакшылап, шашпай талдап, анан кабыл алуу керек болчу. Үч бийлик бутагы бар: аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги жана сот бийлиги. Ошол үчөөнүн тең салмактуулугу азыркы Конституцияда сакталбай калган. Сотту да президент шайлайт деп турат. Макул, Садыр Жапаровго ишенели, ал так иштейт, мыйзам бузууга барбайт дейли, бирок ал алты жылдан кийин кетет да. Андан кийинки президент булардын баарын өз кызыкчылыгына пайдаланып, Садыр Жапаров баштаган жолду бузуп салса эмне кылабыз. Эгер президент сотту шайлайт, эгер туура эмес чечим чыгарса, Жогорку Кеңеш аны кызматтан алат деп койсо тең салмактуулук сакталмак. Бир да мамлекет парламентсиз жашай албайт. Анын укугу жогору болушу керек эле. Канча депутат болбосун, кайсы бир маселеге ар башка көз караш менен карашат да. Албетте, бизде чөнтөк парламент болуп калды, бирок 7-чакырылышта элим, жерим дегендер келет дегенге ишенели. Жакында Атамбаевдин сотундагы сүйлөгөн сөзүн соцтармактан көрүп калдым. Ал киши айтып жатат, Акаевдин, Бакиевдин, менин, Жээнбековдун убагындагы кошоматчылар азыр Садыр Жапаровду тегеректеп жүрөт, ошолордон арылышы керек деп. Кадр маселене келгенде өтө чебер, кылдат болуу керек. Ким президент болбосун айланасына күчтүү, таза инсандарды топтосо, ошондо гана элине жакшы кызмат кыла алат.
-Коррупция менен күрөшүүдө Камчыбек Ташиевдин энчисине чоң милдет туш келди. Ага ар кандай жалаалар жабылган учурлар да пайда боло баштады, мунун баары коррупция менен күрөшүүнүн айынан болуп жатат десек болобу?
-Чынында, Ташиевдин моюнуна оор жүк түшүп калды. Көбүрөөк душман арттырып да жатат, ачыгын айтыш керек. Анткени, коррупция менен күрөшүү татаал нерсе. Аны менен катар контрабанда менен күрөшүү да оор. Мына аткезчиликти токтотом дешти эле, Баткен тарапта аткезчилер атайын кызматтын кызматкерлери менен атышып кетти. Тоголок катты да фейк эмес, арасында иштегендер жазганын биз түшүндүк. Мунун баары Ташиевдин ишинин жыйынтыгы болуп жатат. Бирок ошого карабай ишиңизди уланта бериңиз дейт элем. Коррупция менен күрөшүү ушундай окуялар менен коштолоорун баарыбыз билебиз. Бирок камоо дегенден бир аз карманышыбыз керек. Россиянын депутаты айтты эле, камоого караганда, каржылык кысым жасоо, алганын кайтаруу эффективдүү деп. Камалган адам каражат төкпөй да коет экен, отуруп чыгат да байлыгы жанында калат экен. Анан да биздин өлкөдө өч алуу айлампасы калыптанып калды. Бул тууралуу мурда да айтып келгем. Андан чыгуу керек. Ал жакшылыкка алып барбайт. Кыргыздын мыкты жигиттерин жок кылат. Ташиев менен Жапаров мындайды баштарынан өткөрүштү. Акыйкатсыздыкка барбаш керек.
-Соцтармак аркылуу Ташиев, Келдибеков, Жапаровго кайрылуу жасап, ынтымагыңарды бекемдегиле дедиңиз. Булардын ынтымагын ыдыратуучу коркунуч болуудабы?
-Мен кыргыздын үч чыгаан уулдарына, үч доско, үч лидерге алардын замандашы, партиялашы, эжеси жана алардын басып өткөн жолдоруна күбө катары бир насаатымды айтып коюну чечип, кайрылуу жасаган болчумун. Мен аларга чагымчылдарга бул ирет максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк бербегиле дедим. Садыр, Ахматбек, Камчыбекке кут үч жолу келген: 2007, 2010 жана 2020-жылы. 2010-келген кутту чагымчыл иштерге туруштук бере албай, ынтымагын ыдыратышып, учуруп алышкан... аттиң... Азыр да душмандары ошол эле ыкманы колдонуп жатышат, ага баш ийбей, ынтымагын бекемдеши керек. Анткени, бир күндүн ичинде Келдибеков боюнча атайын видеолор тартылып, таратылды, анда колдорунан келишинче жалган жалаа жаап, каралашыптыр. Ошол эле күнү Ташиев жөнүндө да үч олуттуу материал чыгып кетти. Бири кайсы бир чекисттин айтканы, бирөө "Лөлүдөн баатыр чыкса, өз үйүн чабат" деп жатат, дагы бири тоголок кат болду. Анан кийин эле митинг болуп, “Садыр Жапаров кетсин” дегендей сөздөр айтылды. Бул жөн жерден болгон жок. Үч мыкты жигит тууралуу терс маалыматтардын бир күндө чыгышы дал келүү эмес. Жогоруда бул жигиттерге кут келген дедим, балким аны шанс деп аташыбыз керек беле, бирок кут да бир эле жерге, үйгө келе бербейт, куттун куту болсун деп адамга да арналат. Ошол жылдары чагымчылдар үчөөнүн ынтымагын ыдыратышып, тагдырын талкалашкан. "Разделяй и властвуй" деп коет эмеспи, ошону колдонушкан. Мен ошондуктан, бүгүнкү болуп жаткан окуялар, үчөөнө карата каршы иштер жөн жерден болуп жаткан жок деп эсептейм. Сөзсүз түрдө таратылып жаткан маалыматтарга, видеолорго, кайрылууларга көңүл буруш керек. Бул кайсы бир чагымчыл күчтөрдүн пайда болуп, пландарын ишке ашыра башташканы деп билем. Алар ар түрдүү ыкма менен чабуул жасай тургандыктарын түшүнүп лидер жигиттерге кайрылуу жасап койдум. Бул үч жигитти бири биринен бөлүп кароо мүмкүн эмес. Алар биргеликте күч жана бийлик.
Булак: “Майдан. kg” гезити