Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 287

КР МУККнын төрагасы Камчыбек Ташиев 15-мартта Баткен районунун Самаркандек айылынын эли менен жолугушту. Анда коомчулукту түйшөлдүргөн бир топ суроолорго жооп берди. Президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынан кийин коомчулукка президенттик аппарат жаңылыш маалымат таратып алып, анын айынан бир топ нааразычылык жаралган. “Унгар-Тоону өзбек тарап талашпайт, анын акысына Сох анклавына коридор алат” деген кабар кийинчерээк “Сох анклавына өткөрүү пункттары ачылат” деп оңдолгону менен коомчулукта бүдөмүк ой кала берген. Бул боюнча жолугушууда Камчыбек Ташиев да белгилеп, коридор берилбей турганын, берүү мүмкүн да эместигин айтып элди тынчтандырды.

“Чек ара маселеси чечилгиче, Тажикстанга биз аркылуу товар алып өтүүнү токтотобуз. Ар кандай контрабандалык товарлар өтпөйт. Кытайдан товарлар Тажикстанга биз аркылуу кетип жатат. Эми алар өтпөйт. Чек ара чечилгенден кийин мыйзам чегинде эки өлкөнүн экономикалык байланышы чыңдалат. Болбосо чек ара маселеси чечилбей тура берет экен да, биз аркылуу товарларды алып өтүшө берет экен. Ошондуктан, биз катуу туруп, бул көйгөйгө чекит коелу. Колубуздан келген мүмкүнчүлүктү колдонолу. Мында, сиздерден да жардам сурайм, урматтуу Самаркандек айынын тургундары. Талашта болуп жаткан жерлер бир гана силердин, Баткен аймагынын жери эмес, ал – жалпы Кыргызстандын, кыргыз элинин жери. Кудай буйруп, коңшулар менен тил табышып, чеч араны чече баштаганда ар түркүн маселе жаралышы ыктымал. Чек ара тилкеси бир айылдын ортосунан же четинен өтүп калышы мүмкүн. Андан улам беш-он үй жабыркашы да мүмкүн, беш-он үйдү бузуп чек ара тилкесин өткөрүүгө муктаждык жаралса, ызы-чуу чыгарбай, айыл эли бири бириңерге түшүндүргүлө. Үйү жабыркаган тургундарды мамлекет көчөгө таштап койбойт, жаңы үй курууга каражат, башка жактан жер берет. Кимдин үлүшү чек ара тилкесине туура келип калса, мамлекеттин чек арасын сакташ үчүн үйүн бергенге макул болушу керек”, - деди ал.

Ошондой эле, УКМКнын төрагасы жолугушууга келген жаштарга басым жасап, чек аранын эртеңи, демек мамлекеттин келечеги өсүп келе жаткан муундун колунда экенин эскертти:

“Бул жерде 80 пайыз жаштар отурат. Урматтуу, жаштар, бул маселеде силердин да колдооңор керек. Чек ара маселеси чечилсе, бул силердин, балдарыңардын, небере-чебереңердин келечеги деп билгиле. Канча президенттерибиз кетти. Эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду. Акаев кетти, чек ара чечилбеди, Бакиев кетти, чек ара чечилбеди, Атамбаев да чече албады. Эми Садыр Жапаров келди, ушул маселеге чекит коелу деп аракет кылган маалда силер да колдоо кылгыла”.

 Президент Садыр Жапаровдун өзбек жергесине болгон мамлекеттик сапары бир топ ийгиликтүү сүйлөшүүлөргө өбөлгө болгонун Ташиев белгилеп, ар бир жетекчи өз мамлекетинин кызыкчылыгын сактаарына, кыргыздын бир метр жери башкага берилбей турганына элди ынандырды.

“Жакында Садыр Жапаров Өзбекстанга барып келди. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеев менен расмий жолугушуу болду. Өзбек мамлекетинин жетекчилери биздин президентти көкүрөгүн ачып, жылуу тосуп алышты. Бир тууган элбиз, ынтымактуу жашайлы дешип жакшы чечимдерди кабыл алышты. Чек ара маселеси да айтылды. Чек ара маселеси боюнча түзүлгөн комиссия, биз дагы Тажикстанга барып келгенден кийин Өзбекстанга барабыз. Ал жак менен сүйлөшүү бир топ жеңил болот деп ойлойм. Анткени, президенттер бир макулдашууга келип алышты. Бул маселени үч айда чечкиле деген тапшырма берилди. Бирок чек ара чечилсе эле жерлерибизди берип коюшат экен деп ойлобогула. Андай болбойт. Чек араны чечүү комиссиясынын башында мен турам, кантип эле бир метр жерибизди башкага берип коеюн? Кантип эле мамлекетиме каршы иш кылайын? Кантип эле Садыр Жапаров мамлекетинин кызыкчылыгына эске албай койсун? Баарын эки мамлекеттин: Кыргызстан менен Тажикстандын кызыкчылыгына тууралап анан чечебиз. Бирок ошол учурда белгилеп коеюн, Баткендин ар бир чарчы жери жалпы мамлекетке таандык. Мамлекеттин жери катары мамиле кылышыбыз керек. Алака кылып сүйлөшүшүбүз керек. Элибиздин тынчтыгын, келечегин, кызыкчылыгын мамлекет сактайт. Силер ишене бергиле. Анан жакшы нерседен да өөн тапкан чагымчылдардын кебине ишенбегиле. Сохко коридор ачып беришет экен деген маалымат чыгарышты. Анын айынан эки-үч күндөн бери ызы-чуу кылып жатышат. Антип ызы-чуу кылгандан эч ким эч нерсе болуп кетпейт. Президенттин кылган эмгегин баалаш керек. Эч кандай коридор берилбейт, берилиши да мүмкүн эмес. Болгону, Сохко кирип чыгууга өткөрмө пункттарын жандантабыз. Эл оңой кирип-чыгып, бири бири менен алака –катнашын жакшырса жаманбы? Сохту тегеректетип, чек арасын толугу менен чечип алалы, кеңейип кетпесин деген маселе коюп жатабыз. Чагымчылдар айтып жатышат, “Сохко киргенге жерди берип коюшуптур, эми өзүбүз анклавда калдык”, - деп. Аларды укпагыла. Чындыкка дал келген расмий маалыматты бир гана биз тарата алабыз. Эгерде менин оозумдан ошондой сөз чыкса анда башка кеп. Комиссиянын ишин үч айда бүткөргүлө деген тапшырма бар, бирок канча убакыт алаары белгисиз. Анткен менен биз күнү-түнү иштеп, тездеткенге аракет кылабыз”, - деди Камчыбек Ташиев.

Андан ары УКМКнын төрагасы Самаркандек айылында 14-мартта болгон окуяга токтолду. Белгилей кетсек, аткезчилик менен алектенген жергиликтүү тургундар аларды кармаган атайын кызматтын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кол көтөрүүгө чейин барган. Ташиев мындай аракеттер мыйзам бузууга жатаарын белгилеп, мындан ары бандитизмге өлкөдө орун жок деди.

“Кечээ Самаркандек айылында болгон окуя тууралуу айтсам, мына бул жерде Баткен облусунун укук коргоо кызматтарынын жетекчилери отурушат. Эгерде тартип бузуу, укук бузуулар болсо, аткезчилик аныкталса, биз мыйзам чегинде, адамдын укугун бузбай туруп жоопкерчилик карайбыз. Чара көрүшпөйт экен, урушуп, согушуп койсок коркуп качып кетишет экен деген ой болбосун. Баткенди мен жакшы көрөм, ошого катуу көзөмөлгө алам. Мындан ары катуу көзөмөл болот. Укук коргоо кызматтарына баш ийгиле, а эгер алар өздөрү кызматтык милдетинен ашып түшүп, кимдир бирөөнү жөн жерден кыйнай турган болсо, мага кайрылгыла. Азыр интернет деген бар, ошол жакка жарыялап эле Камчыбек Ташиевге кайрылуу деп койсоңор мага жетет. Мен күнүгө интернетке чыккан эки-үч маалыматты тийиштүү кызматтарга жөнөтүп турам, эмнеге мындай болуп жатат, эмнеге карабай жатасыңар деп. Укук бузууларга барбашыбыз керек”, - деп белгиледи.

Камчыбек Ташиев коррупция мамлекеттин бутуна байланган кишен экенин жана андан арылуу үчүн жалпы элдин аракети керектегин айтты:

“Дагы бир нерсени айтып коеюн, мамлекетибиздеги коррупция деген балээни жок кылышыбыз керек. Коррупция мындан ары болбойт, айрыкча мамлекеттик кызматкерлер мамлекетти талап-тоногонун токтотушат. Мамлекеттин чөнтөгүнө, элдин байлыгына кол салгандардын баарын жазага тартабыз. Азыр мурдагыдай эмес, баары сестенип калышты, каалагандай жейм, алам деген чиновниктер азайып баратат. Эми муну түп-тамырынан жок кылабыз. Анан да бандиттер боюнча айтып коеюн, мындан ары мен ОПГмын, мен “смотрящиймин” дегендер болбойт. Мунун эмнеге айтып жатам, анткени бул жерде отурган жаштар кулагына түйсүн деп жатам. Эгер айылдарда беш-алты бала топтолуп алып көзөмөлдөөчүлөрдүн милдетин аткарып жатса, мага билдирип койгула, жандарын сууруп алам. Кылмышкерлер, бандиттер мыйзам алдында жазасын алат, аларды эч ким аябайт”.

Аткезчиликтин айынан мамлекет канча бир кирешеден кол жууп жатат. Бул тууралуу айткан Камчыбек Ташиев жарым жыл, бир жылдын ичинде өлкөнү жакшы жакка багыттоочу программа иштеп жатканын билдирди.

“Президенттин инвестиция тартуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча өтө чоң программасы бар. Аны ишке ашыруу үчүн күнү-түнү иштеп жатат. Колдоп-кубаттап турсаңар, жарым жыл, ашып кетсе бир жылда жыйынтыгына күбө болосуңар. Чек ара маселеси чечилет, аткезчилик токтойт. Тажикстанга өтө турчу товарлар бажы төлөмдөрү төлөнүп, мыйзам чегинде өтүп калат. Бүгүнкү күнү аткезчиликтин айынан мамлекет канча каражаттан кол жууп жатат. Мамлекетке пайдасы жок жүктөр жолдорду талкалашууда. Буйруса, бул маселердин баары чечилет, - деди ал.

 Сох Өзбекстандын анклавы болсо, Ворух Тажикстандын анклавы. Ворухта да утур-утур жаңжал чыгып, мамлекеттин баш оорусуна айланып келгени жашыруун эмес. Андагы жашоочуларга кантип тынчтык тартуулап, аягы көрүнбөчүдөй болгон жаңжалга кантип чекит койсо болот? Бул суроого Камчыбек Ташиев кыска-нуска жооп берди:

“Аксай боюнча, Ворухтун чек арасын толук тактап, сызып, ушул жерден бир метр да бул жакка өтпөйсүңөр деш керек. Ошондо жаңжал токтойт. Кечээ президенттин түздөн түз берген тапшырмасынын негизинде, чек ара кызматынын бюджетине каражат которулду. Бул да акыркы айларда бюджетке жакшы каражат топтолгонунан улам болду. 4 миллиард сом бюджетке түшүрүүгө жетиштик. Чек ара кызматына бөлүнгөн акча, 12 жылдан бери Баткенде эки чек ара заставасы бүтпөй келатат, ошону бүткөрүүгө жумшалат. Андан башка дагы заставаларды салабыз. Жыл сайын 14-15 км жерди демаркациялоо иштери жүрсө, быйыл 150 км жерди тособуз. Бул Кудай буйруса, былтыркы иштерден он эсе көп иш жасалат дегенди билдирет. Ушинтип эки-үч жыл жакшы иштесек, көп маселелерди чечип алабыз”, - деди Камчыбек Ташиев.

Жолугушууда эл УКМКнын төрагасына ыраазычылык билдиришип, ал турмак кийинки келишинде “Самаркандек айылынын ардактуу атуулу” деген наам бермей болушту. Мындай демилгеге Ташиев: “Мен кайсы бир сыйлыкты же наамды алайын деп иштеп жаткан жокмун. Мен үчүн мамлекетимдин бүтүндүгү маанилүү”, - деген жообун узатты.

Булак: “Майдан. kg” гезити