Кыргызстанды коңшу өлкөлөр үчүн арзан жумушчу күчүн даярдап берүүчү очокко айландырууну максат кылуу туура эмес. Эгер ошончо эле өүзбүздө жумушчу орун түзөөрүбүзгө күмөнүбүз болсо анда кымбат жумушчу күчүн түзүүчү очокко айландыралы. Англис, немец, япон тилдерин күчөтүп окуталы. Жашообузду жалаң миграциядан түшкөн каражаттан көрүп калсак анда мигранттарыбыз коңшуларга караганда эки-үч эсе кымбат иштей турган өлкөлөргө баруусуна шарт түзүүгө аракеттенели. Эмнеге эле дайыма эң төмөнкү эч ким муктаж эмес орунга отурууга ык коебуз? 

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу