Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-апрелге дайындалган референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоо комиссияларынын референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдары республикалык бюджеттин эсебинен камсыздалат. БШК уюштуруу иштери жана башка кызматтарды, зарыл болгон чараларды эске алуу менен референдумду даярдоо жана өткөрүүнүн чыгымдарынын деталдуу сметасын түздү.

Тактап айтканда БШК референдумга 55 млн 642 миң 300 сом сарпталат деп аныктады.

11-апрелде жеригиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтөт.

Булак: Баракелде