Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 143

"Ушу биздин кээ бир жарандарыбызга таң калам.

Саясатчы болобу, президент болобу, өкмөт башчысы болобу, министр болобу, депутат болобу, мындай эле мамлекеттик кызматкер болобу, режиссер болобу, айтор, айырмасы жок, кетирген катачылыктарын айтып, туурасы мындай болот деп айтсаң, дароо айтышат "Сен эмне кылып койдуң? Сен президент (өкмөт башчы, министр, депутат, мамлекеттик кызматкер, режиссёр ж.б.у.с...) бол анан сүйлө!" - дешип...

Эми бул логикага салсаң, саналуу эле киши андай кызматтарга жете алат. Мисалы, президентти сындаш үчүн өзүң сөзсүз президент болушуң керек деген шарт болсо анда учурдагы президентти Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев гана сындай алышы керек. Башкалары сындаса болбойт.

Же башка мисал: Бирөө чоң кызматта турганда кыргыздын сонун жерлерин башка өлкөлөргө берип жиберди дейли. Аны айтып чыгыш үчүн сөзсүз ошол кызматка жетип, сен дагы жерлерди башкаларга сатышың керекпи?! Ошол кызматка жетип, анан сүйлөшүң керекпи?!

Сынды айта алыш үчүн көп нерсенин деле кереги жок:

1) Калыс, адилеттүү болушуң зарыл.

2) Маселени түшүнүшүң керек. Бэкграунд болушу зарыл сенде. Билимдүү, илимдүү болушуң зарыл.

3) Аркаң таза болушу керек.

4) Башыңа келе турган окуяга даяр болушуң керек. Сындалган киши жактан сага кол салууга даяр болушуң керек.

Аллахтын адилети баарынан жогору турганына бекем ишенишиң керек.

5) Кыргыз Республикасынын кайдыгер болбогон жараны болушуң зарыл.

6) Духуң болушу керек", - деп жазды соцтармактагы баракчасына жарандык активист Гүлжигит Исаков.