Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 617

Курманбек Бакиевдин "Менин, оорум, менин сүйүүм Кыргызстан"  деген китебинин аудиосун угуп чыктым.  Буга чейин деле уксам болмок.  Бирок көптөгөн адамдар 7-апрель кан төгүшүү жана өлкөдөгү 2010-жылдагы  башаламандыгын Отунбаева,  Текебаев, Бекназаровдор жасаган деп жатышканы менен баары бир Бакиевди канкор деп жаман көрүү көкүрөктө бекем эле да...

А бирок...  Кыргызстандын тышкы карызынын өсүшүнүн жана экономикалык абалынын 30 жылдык көрсөткүчүн буга чейин бир нече ирет карап чыккан элем.  Мени таң калтырганы бардык президенттердин ичинен бир гана Бакиевдин убагында тышкы карыз акырындап жабылып, ВВП көрсөткүчү бийиктеп, экономиканын өсүүсүн байкоого болот эле. 

Ошону көрүп турсам да текеберденип Бакиевдин аудио китебин аттап кетип жаткам.  Бирок кечөө  аудиосун ачтым, угуп чыктым...  Кызык...  Эмнегедир ойлоптурмун актанат деп... Жок... Актанбаптыр... Ал аудио китепте көбүнчө кичинекей Кыргызстандын экономикасы жана анын 25 жылдык  анализи көбүнчө айтылыптыр.  Баары чындык... Атамбаев Кыргызстандын башына түшкөн балээ болгон экен чынында, Бакиевди укпаганда деле,  далай далай мышык ыйлаарлык көрсөткүчтөр Атамбаевди гана көрсөтүп турат эмеспи.  Электр Энергиясын Бакиевди көтөрдү, элди кыйнады деп элди дүрбөткөн Отунбаева, Текебаев, Атамбаев өздөрү билген эмес экен электр энергия жаатындагы катастрофаны.  Чындык менен беттешип өз көздөрү менен көрүп анан Бакиевден аша түшүп электр энергиясынын баасын Бакиевден ашып  көтөрүшкөн экен да.  Бок билбегенден кийин элди эмне дүрбүтүштү десең, светти Бакиев кымбаттатты, Токтогул суу сактагычын сатты депчи... эээх...  Кайран гана эл ошолорго ишенген...

Атамбаев жана анын командасы көптөгөн инвесторлордон доля сурап, аларга кор мамиле жасап аларды качырып, ал тургай көптөгөн эл аралык соттор болуп далай млрд доллар компенсанция төлөнүп жатып казына какшыган экен да көрсө.  Бакиев алып келген инвесторлордун баштаган иштеринин баары чала өлүк боюнча калган жеринде калыптыр тизмесин кийинки постто берем.  Атамбаев ал тургай коңшу өлкөлөр менен чатакташып жатып ал жактардан агылган  ири суммалардан дагы кур жалак калтырган  экен бизди.  Ал эми Отунбаева, Текебаевдердин ниеттерин болсо өзүбүз деле билип калдык го.  Экономикадан эч түшүнүгү жок куру популисттер алар.  Эми айтайын дегеним азыркы президентибиз Садыр Жапаровдун бардык аракеттери Атамбаев чалып кеткен боткодон тезинен  арылып алдыдагы көптөгөн катастрофалардын алдын алуу экен.  Биринчиден таарынып кеткен жана жаңы келген инвесторлорду кайра тартып келүү... Экинчиден Атамбаев бузуп салган, коңшу өлкөлөр менен болгон ынтымак кызматташууну жакшыртып кайрадан калыбына келтирүү. Үчүнчүдөн баардык коррупция өтмөктөрүн бууп бекитүү.  Өлкөнү өнүктүрүү так эле ушул жолдон башталат эмеспи.  Ал эми ички саясатта болуп жаткан кадр алмашуу, араздашууга, көңүл бөлүп ушак териштирүүгө чын чынында убакыт өтө тар экен.  Эми түшүндүм мен, эмнеликтен Садыр Жапаров азыр ички интригаларга убактысы жок жүгүрүп жүргөнүн.  Анткени, биздин азыркы экономикалык абалыбыз катастрофалык абалда экен.  Бакиев так белгилеп кеткен экен. 
Электр энергия жаатын  2023 -жылга чейин жакшыртпаса, модернизациялабаса, станцияларды жаңыртпаса баягы Россиядагыдай жарылуу  болот деп.   Биз ансыз да убакыттан он жыл уттурдук... Айтор каякты караба баары эртең кыйрап калчу абалда... 
 

Бактыгүл Иманбек кызы