Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 174

Шайлоолор көп аймактарда өтөт. Мен Бишкек шаары боюнча гана жазам. Калган аймактардагы абалды так билбейм. Мен өзүм Бишкек шаарында дээрлик кырк жылдан бери жашайм. Анча -мынча, кыска командировкаларды эсепке албасам, эч жакка чыкпай ушул шаарда жашап келем. Шаарды, анын проблемаларын жакшы эле билем.

Совет доорунда Бишкекте коммуналдык, коммуникациялык эч кандай проблема жок болчу. Коммуналдык кызмат баалары ушунчалык арзан болчу, аларды эч ким эстеп да койчу эмес. Болгону пик убактарда гана коомдук транспорт тыгын болуп калчу. Ошол эле мезгилде транспорт гарантиясы менен түнкү саат 12ге чейин иштечү. Гарантиясы менен эртең мененки саат 05те ишке чыкчу.

Постсоветтик доор. Эмне деген проблемалар чыккан жок. Канча жыл өттү, ушул коомдук транспорт проблемасын чече албай коюшту. Ал чоң деле проблема эмес эле, чындап иштегиси келгендерге. Автобус, троллейбус жетиштүү сандагы шаар ичине, шаар четине айла жок маршруткалар. Кайдаан. Чиновниктер, олигархтар, депутаттар кошулуп, баары түгөнгөнсүп, ушул транспорттогу пайдага кызыгып туруп алышты.

Темага келсек. БШКга шайлоо.  Чындыкка тик карай турган болсок, БШК постсоветтик жылдары эч нерсе чечкенин көргөн жокпуз. Накта формалдуу орган. Конституцияда бар экен. Бюджет бекитет, мэрди шайлайт деп ишене беребиз.  Реалияда алар эч нерсе чечпейт бул сфераларда. Мэр президент көргөзгөн гана киши болот. Азыркы шайлоодо эле фантастика болуп кетпесе. Кандай фантастика. Эгер, С.Жапаровго окшоп, бир партия дээрлик бардык мандаттарды алып кетсе. Анда эмнеге жулунушат, өтө чоң ресурстарды чачышат, баталиялар ЖК шайлоосунан кем калышпайт. БШК өздөрүн кичи парламент деп да атап алышкан. БШК депутаты болуу же престижби, даңк, даңазабы. Жок, булардын баары эмес. Бул ресурс бөлүшүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү. Кээ бир депутаттар үчүн өз бизнесин коргоо. Белгилүү, Бишкек КРнын эң бай региону. КР акчалары ушул жерде айланат. Шаарда чексиз мүмкүнчүлүктөр бар байып кеткенге, албетте, биринчи кезекте чиновниктер, олигархтар, депутаттар үчүн. Бишкек шаарынын бюджети өтө чоң КР үчүн. Ошол бюджеттен таасирдүү партиялар, депутаттар өз округдарына көбүрөөк акча бөлдүрүп алышат. Анан ким жакшы, ошол партия, депутат жакшы. Акча болсо, жалпы шаардыкы. Бирөөнүн үлүшүн бирөөгө берген деген эле кыргызчадан кыргызчага которсок.

Эми убадаларга келсек. Убадалар ушул эле шаар бюджетин кай жакка буруп жиберебиз деген эле сөздүн башкача айтылышы. Эч бир партия эч жактан каражат таап келбейт. Болгону бар акчаны өздөрү приоритет санаган сфераларга бурушат. Негизи кандай болушу керек эле. БШК бул өкүлчүлүк кызмат. Элдин атынан, элдин талабына иштеш керек.  Постсоветтик КРда кандай болуп келди. Кимдир бирөөнүн эсинде барбы, ушул БШК жалпы шаардыктар үчүн бир льгота же кандайдыр бир жеңилдиктерди алышка аракет кылды деген. Жок, алар тескерисинче, ар убакта жалпы элге каршы чараларды колдоп келишкен. Бир эле эң көрүнүктүү мисалы. 2014 - жылга чейин шаарда 10 жаштагыларга чейинкилерге шаардык коомдук транспортто жеңилдик бар болчу. 5 сом. Ошол да көп көрүнүп, алып тынышты. Ушул кичине наристелерге 5 сомду ыраа көрбөгөн БШКдан эмнени күтсө болот. Эч нерсени. Бирок, ошол эле учурда шайлоого барышыбыз керек. Мүмкүн керемет болуп кетип, кандайдыр бир жаңы партия келип, шаар турмушун, шаардын элин эстеп калышат. Жакшы үмүт кылып туралы.

Сейдалы Мырзакматов