УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы Самаркандек айылынын эли менен жолугушууда Сохко эч кандай коридор берилбей турганын билдирди.
"Жок жерден ызы-чуу чыгарып жатышат. Чагымчылдардын айтканын укпагыла. Сохко эч кандай коридор берилбейт, берилиши да мүмкүн эмес. Эл кенен-кесири кирип-чыкканы жакшы эмеспи, өткөрмө пункттарын жандантабыз. Бул ишти үч айдын ичинде бүткөрүүгө тапшырма берилди, бирок канча убакыт кетээри белгисиз. Күнү-түнү иштеп, тездетебиз. Коридор берилет деген сөз болгон эмес, расмий маалыматты мен гана тарата алам", - деди Ташиев.