"Ар бир анклавды тегерете зым тосмо тартуу зарыл деп ойлойм, кирген-чыккан жолго пост коюп. Ичинде эмне кылса ошо кылып жашай беришсин, бирок тосмодон сыртка чыгууга толук тыюу болот, сырт жагында эмне иш жасалып жатканына иштери болбосун. Анклавга кирип-чыгып жаткан машинелерге, ташылып кирүүчү буюмдарга жана кишилерге өзгөчө көзөмөл, өзгөчө тартип коюлушу да зарыл. Айрыкча анклавдын сыртына мал жайдырбаш керек. Анклавдарга курал-жарак алып кирүүгө катуу тыюу коюлушу шарт, алардын ичиндеги аскер күчтөрүнүн саны эки мамлекеттин ортосундагы келишим менен аныкталышы керек, ашыкча аскерлердин биздин чек аркылуу өтүп анклавдарга баруусүна жол бербөө керек. Бул жерде мамлекеттик позиция катуу болбосо болбойт.
Эки жыл мурда ушинтип жазган экем. "Анклав" деген көйгөй да "сыйыртмак" болуп калды окшойт кыязы... Өткөн президенттер баштары жетпегенден чечпей койду дейсиңерби, сопсонун эле жетип турган... болгону "сыйыртмакка" башын салгысы келген эмес...улам түртүп, улам кийинкиге калтыра беришкен..." - деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына.