17-мартта Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин телекөпүрөнүн түз эфиринде жолугушат. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына мамлекет башчынын пресс-катчысы Галина Байтерек тастыктады.
Ошол эле учурда, маалымат булактары билдиргендей, мамлекет башчылары Талас районундагы Жерүйдө алтынды калыбына келтирүүчү фабриканы ачышат. Садыр Жапаров иш сапары менен аталган аймакта болот. Ачылыш аземи түз эфирде көрсөтүлөт. Россия Федерациясынын башчысы иш-чарага видео байланыш аркылуу байланышат.
Булак: vesti.kg