Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 355

"Көптөгөн жарандар учурдагы Конституцияны окубаганынан пайдаланып, Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар Конституциянын жаңы долбоорунун жакшы жактарын айтып элди алдашты.

Депутаттар кандай жакшы жактарын айтышканын, Конституциянын долбоорунун бир үзүмүнөн эле мисал келтире кетейин . 44-берененин 2-бөлүгү:

“Пенсия, социалдык төлөмдөр жана башка социалдык жардам жашоо деңгээлин мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө камсыз кылат”.

 Кулакка өтө жакшы угулат. Пенсия жана пособиев 5600 сомдон ылдый болбошу керек. “Конституция тууралуу” Мыйзамдын 2-беренесинде, бул норма 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет деп турат. Эч нерсе эмес, бир жарым жыл чыдай тураарбыз.

А эми алдоо боюнча. Учурдагы Конституцияны ачабыз да (53-берене, 2-бөлүк) окуйбуз:

“Пенсия, социалдык жардам мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө ылайык жашоо деңгээлин мыйзымда белгиленген жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө камсыз кылат”.

Бул конституциялык норма жаңы эмес жана 11 жылдан бери иштеп келатат, бул аралыкта көпчүлүктүн пенсиясы жана пособиеси жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпейт. А сиз Конституциянын долбоорундагы ошол эле сөз бир жарым жылдан кийин ишке ашып кетет деп ишенесизби? “Мамлекеттик экономикалык мүмкүнчүлүгүнө ылайык” деген сөздү алышты жана норманын ишке кирүүсүнүн мөөнөтүн бир жарым жылга создуктуруп салышты. Бирок бул деле пенсия менен пособиени көбөйтө албайт.

Маалымат үчүн: Соцфонд 2020-жылы пенсионерлерге пенсияны араң-араң төлөдү, эгер өлкөбүзгө пенсия төлөмдөрү боюнча жардам колун сунган Владимир Путин болбогондо, пенсионерлер митингге чыгышмак. Пенсионерлер жана пособие алуучулар жыл сайын көбөйүүдө жана бюджет социалдык төлөмдөрдү жабууну эптеп ишке ашырып жатат.

Керемет болуп кетет деп ишенбегиле", - деп жазды депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына.