Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 748

Экс-депутат Жылдыз Жолдошова соцтармак аркылуу үч дос: Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Садыр Жапаровго эжелик насаатын айтып, кайрылуусунун себебин түшүндүрүп берди: 

"Мен аларга чагымчылдарга бул ирет максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк бербегиле деп жатам. Анткени, бир күндүн ичинде Келдибеков боюнча атайын видеолор тартылып, таратылды, анда колдорунан келишинче жалган жалаа жаап, каралашыптыр. Ошол эле күнү Ташиев жөнүндө да үч олуттуу материал чыгып кетти. Бири кайсы бир чекисттин айтканы, бирөө "Лөлүдөн баатыр чыкса, өз үйүн чабат" деп жатат, дагы бири тоголок кат болду. Анан кийин эле митинг болуп, Садыр Жапаров кетсин дегендей сөздөр айтылды. Бул жөн жерден болгон жок. Үч мыкты жигит тууралуу терс маалыматтардын бир күндө чыгышы дал келүү эмес. Бул үч жигитке 2007 жана 2010-жылдары да кут келген. Балким муну шанс деп айтсак туура болоор, бирок кут да бир эле жерге, үйгө келе бербейт, куттун куту болсун деп адамга да арналат. Ошол жылдары чагымчылдар үчөөнүн ынтымагын ыдыратышып, тагдырын талкалашкан. "Разделяй и властвуй" деп коет эмеспи, ошону колдонушкан. Мен ошондуктан, бүгүнкү болуп жаткан окуялар, үчөөнө карата каршы иштер жөн жерден болуп жаткан жок деп эсептейм. Сөзсүз түрдө таратылып жаткан маалыматтарга, видеолорго, кайрылууларга көңүл буруш керек. Бул кайсы бир чагымчыл күчтөрдүн пайда болуп, пландарын ишке ашыра башташканы деп билем. Алар ар түрдүү ыкма менен чабуул жасай тургандыктарын түшүнүп лидер жигиттерге кайрылуу жасап койдум. Бул үч жигитти бири биринен бөлүп кароо мүмкүн эмес. Алар биргеликте күч жана бийлик", - деди Жылдыз Жолдошова.