Мындай пикирин экс-депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына жазды: 

"Парламенттин учурдагы чакырылышына уят жана уят! Кабыл алына элек мыйзам боюнча референдум белгилөөгө болобу?!!

Конституцияны мыйзам бузуу менен өзгөртүү! Анан да мыйзамдуулукту көзөмөлгө алуучу "таң калыштуу" башкы прокурор өзү депутаттарды мыйзам бузууга түртүп жатат. Андан кем калышпаган "таң калыштуу" президент, кудум эле эч нерсеге тиешеси жоктой...

Мен 2020-жылдын май айында мандатымдан баш тартканымды жаңылыштык деп эсептебейм". 

Эске салсак, өткөн жылдын 22-майында Исхак Масалиев депутаттык мандаттан баш тарткан. Мындай чечимин депутаттардын мыйзам долбоорлорун кабыл алууда анын маанисине эмес, өз кызыкчылыгына таянып иш алып барганына байланыштырган. Масалиев шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга, ал эми шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтууга багытталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болгон. Айтымында, 15 жыл депутат болуп жүрүп, ушул мыйзам долбоору добушка коюлганда эл өкүлдөрүнүн акыйкатсыздыкка барганын көргөн.