Экономикалык кылмыштар менен каршы күрөшүүчү мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп эмгектенген Сыймык Жапыкеев финансы полициясынын генерал-майору наамын алды. Бул маалыматты өзү социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

Ал жетекчи болуп 2020-жылдын 17-октябрында дайындалган. Өкмөт 2021-жылдын 5-мартында Экономикалык кылмыштар менен каршы күрөшүүчү мамлекеттик кызматын жоюу чечимин кабыл алды.

Булак: Баракелде