"Жаңы Баш мыйзамда өкмөт деген түшүнүк жок, аткаруу бийлиги бар. Анын башына президент келип жатат. Аткаруу бийлигинин ички, сырткы саясатына президент жооп берет деп ыйгарым укуктарында жазылып турат. Жоопкерчилик деген мына ушул. Мурункудай өкмөткө күнөөнүн баарын шылтап коюп, бийликте отуз жылдап отуруп алуу деген болбойт. Түштүк Кореяда бийликти узурпациялаган президент камалат. Кыргыздын менталитети да андан ашса ашат, бирок кем калбайт. Бир президентти камадык, мындан ары да бийлик учурунда кылмыш кылган президенттер жооп берет. Элдин талабы менен аткаруу бийлигин күчтөндүрүп, жоопкерчилик толугу менен президентке илинет", - деди башпрокурор Курманкул Зулушев.