Азыр Кыргызстанда гана эмес, цивилдүү дүйнө коомчулугун тынчсыздандырып, нааразы кылган кримавторитет Камчы Көлбаевдин бошотулушу, Райым Матраимовдун тегерегиндеги окуялар болууда. АКШнын мамлекеттик департаменти Камчы Көлбаевди Евразиядагы курал-жарактарды, баңгизаттарды жана адамдарды сатышып, коркутуу аркылуу акча жыйнаган бир нече кылмыштуу топту бириктирген “Братская группанын”, Борбордук Азиядагы наркотрафиктин эң таасирдүү лидерлеринин бири катары жарыялап, анын кылмыштуу механизмдерин, андан алынган кирешелерди айландыруу ыкмаларын билдиргенге 5 миллион доллар сыйлык бере тургандыгын жарыялады.
Камчы Көлбаев он жылга жакын убакыттан бери АКШнын атайын чалгындоо кызматтарынын көзөмөлүндө болуп келүүдө. АКШда ЦРУ, ФБР баш болуп андай кызматтар туптуура 17. Башкаларын айтпай эле коёлу, мамдепартаменттин, финансы министрлигинин да чалгындоо кызматтары бар. Алар тарабынан К.Көлбаев 2011-жылы эле мурдагы Союзга кирген республикалардагы эң таасирдүү 10 кримавторитеттин бири катары “кара тизмеге” киргизилген. 1990-жылдардын аягында 2 адамды өлтүргөнү үчүн 25 жылга эркинен ажыратылса, беш жылын өтөй электе качып чыгып, Бириккен Араб Эмираттарында жашырынып жүрүп, биздин “гумандуу соттор” актагандан кийин Кыргызстанга кайрылып келген. 2006-жылы кримдүйнөнүн Москвада өткөн жыйынында “Мыйзамдагы ууру”, эл аралык кылмыштуу топтун Кыргызстандагы “көзөмөлдөөчүсү” (смотрящийи) болуп дайындалган. Ал өткөн жылдын октябрында “кылмыштуу топту түзгөндүгү үчүн” деген айыптоо менен кармалса, ушул жылдын 3-мартында уруксатсыз эч жакка кетпөө жөнүндө шарты менен үйүнө чыгарылгандан кийин АКШнын өкмөтү ачык эле нааразылыгын билдирди.
АКШ менен Кыргызстан 1993-жылы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө келишим түзсө, анын алкагында ал бизге андан бери жалпысынан 1 миллиард долларга жакын жардам көрсөттү. Дагы деле көрсөтө бермек, бирок 2015-жылы ошол убактагы мамлекет башчысы А.Атамбаев укук коргоочу А.Аскаровго адам укугун коргоо боюнча сыйлык ыйгаргандыгына нааразы болуп эки тараптуу келишимди жокко чыгарып салган. Андан тыйынча саясый же каржылык пайда көрбөдүк, дубананын таарынганы калтасына зыян дегендей эле болдук. Ошондон бери Америка Кыргызстанга кысымын, басымын ырааттуу көбөйтүп, күчөтүп келатат.
АКШнын өкмөтү К.Көлбаевге чейин КРнын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду 700 миллион долларды уурдагандыгы үчүн аялы Уулкан деген менен кошо “Магнитскийдин кара тизмесине” киргизген. Азыр Р.Матраимов менчик ооруканалардын биринде дарыланып жаткандыгы маалымдалууда. Ал жаткан жер чын эле менчик оорууканабы же беш жылдыздуу менчик мейманкана же пансионаттардын бириби, ал жөнүндө эч ким так билбейт. Айрымдар күдүктөнүп жатышкандай, “Райым миллион” жаткан жай эч кандай оорукана эмей эле, эс алуучу жай болушу да мүмкүн. Эгерде чын эле оорукана болсо, эмне үчүн ал коомчулуктан мамлекеттик өзгөчө жашыруун сырдан бетер жашырылууда? ЖМКлардын бирине оорукананын сүрөтүн, анан аны дарылап жаткандардын биринин комментариясы менен жайгаштырып коюшса, эл арасында эч кандай ашыкча уу-дуу сөздөр, ажиотаждар болмок эмес.
Ошентип, аракеттеги бийлик коррупционерлерге, кылмышкерлерге каршы аёосуз күрөш жарыялашкандыгын жарыялап, кармалгандарды камап жатышкан менен кримдүйнөнүн символуна айланган Камчы Көлбаевге, коррупциянын символуна айланган Райым Матраимовго келгенде эмнегедир жалтактап, өтө эле либералдуу болуп жатышкандыгын ачык эле айтышыбыз керек. Бийликтегилер бул экөөсүнүн өткөн жылдын октябрында жасаган эмгектеринен аттап өтө алышпай жалтакташып, батыл кадамдарга бара алышпай жатабы, же биз билбеген башка себептери да барбы, бирок бул экөөсүнө өтө эле гумандуу мамиле жасап жатышкандыгын кыргызстандыктар гана эмес, океандын ар жагындагылар да көрүп, нааразылыктарын билдиришүүдө.
Бирок, биздин бийликтегилер кыргызстандык менен эсептешпесе да АКШ менен эсептешүүлөрү зарыл. Ачык эле айталы, АКШ деген оюн эмес. Ал адегенде жогоруда айтылгандай, салам дубайларды жөнөтүп, наарызылыгын билдирет, бир нече жолу эскертет, анан ага адекваттуу реакция болбосо, Кыргызстанга санкцияларды киргизип, дүйнөлүк коомчулуктун алдында биротоло жаманатты кылып салат. Ага жетсе, сырттан инвестиция биротоло токтойт, бир дагы эл аралык каржылык институттар бизге кредит, грант бербей коюшат. Мурда алынган карыздарды реструктуризациялоо да ишке ашпайт. Анткени, эл аралык каржы уюмдарынын бардыгы доллар менен иштешет, ал эми доллардын эмиссионери, көзөмөлдөөчүсү АКШ. Же эл аралык деңгээлдеги кылмышкерлерди калкалоо бир күнү кыргыз бийлигинин гана эмес, жалпы кыргыз элинин бир капталын тешип чыгып кетүүсү мүмкүн. “Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар” дегендей, дефолттук абалда турганда, бизге андай ашыкча “ырыстын” кереги барбы? Ошондуктан АКШнын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай, ага тийиштик кылган улуттук кызыкчылыктарыбызга ылайык келбейт. Эгерде АКШ чындаса, жогоруда айтылган фигуранттар менен Кыргызстандын жардамысыз өзү деле эсептешип алат. Аны биздин бийлик байкабай деле калышы мүмкүн.
С.Исаков менен А. Ибраимов качан кармалат?
Өткөн жылдын октябрындагы башаламандыктардан кийин коррупциялык оор беренелер менен айыпталып абакта жатышкан Сапар Исаков, Албек Ибраимов качып кетишти. А.Ибраимовдун кайда экендиги белгисиз, ал эми Сапар Исаков Москвада жатып алып, социалдык тармактар, айрым ЖМКлар аркылуу кыргызстандыктардын мээсин чагууда. “Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгып алып өкүрөт” деген ушул. Бийликтегилердин А.Ибраимовду, С.Исаковду карматтырып келип кайра ордуларына отургузуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөй жатышкандыгын эл түшүнбөй жатат. Эгерде стратегиялык өнөктөш, бир нече эл аралык уюмдар боюнча тыгыз шериктеш деп эсептелген Россиядагы качкын кылмышкерлерди экстрадициялаганга бийлигибиздин даремети жетпесе, башка өлкөлөрдөгүлөргө кайдан күчү жетет? Деги бийликтегилер Сапар Исаковдон башка да сыртта качып жүрүшкөн коррупционерлерди кармап келип, мыйзам чегинде жазалоо боюнча качан тийиштүү чараларды көрүшөт?
Бийлик колго илинген коррупционерлерди кармап, жазалоодо активдүүлүгүн көрсөткөн менен колго илинбегендерин издеп, таап, экстрадициялоодо чындыгында алсыздык кылып жаткандыгын ачык эле айтуу зарыл.
А.Атамбаев менен С. Исаков 111 миллиондон ашык долларды жеп жутуп жиберишкендиги үчүн соттолушкан. Армения, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр 200-250 миллион долларга кубаттуулугу Бишкектегидей жаңы ЖЭБдерди курушса, 387 миллион долларга Бишкектеги ЖЭБдин 30 пайызы гана реконструкциялангандыгы айтыла, жазыла берип кыргызстандыктарга жат деле болуп калды. Бирок, афералык ал долбоорго демилгечи болуп, түздөн түз жетекчилик кылган Сапар Исаков деген неме көзүнө сайылгыдай болгон фактыларды да моюндабай, ыйманын жеп карандай калптарды айтып, атүгүл Кыргыз-Кытай өкмөттөрүн ачык эле кайраштырып жатат. Ага деле мейли, ууру тойгончо жеп алып, өлгүчө каргана берет, бирок андай бет тырмарлыкка карата бийлик да тийиштүү реакция жасашы, уурулук боюнча айыпталгандарды биротоло кутуртуп жибербеш керек да!
С.Исаков Москвада болсо,А.Ибраимов Алматынын бир бурчунда эле ээн эркин жүрүптүр. Казактар өздөрүнөн качкандарды Бишкектен кармап кетип жатышканда биздин атайын кызматтардын колдору канатташ Алматыда бекинип жүргөндөргө эмнеге жетпей жатат?
С.Исаков акыркы постторунун биринде убагы келгенде Кыргызстанга триумф менен кайрылып келе тургандыгын билдирди. Эгерде өлкөнүн экономикалык, элдин социалдык абалдары азыркыдай күндөн күнгө начарлап, девальвация, кымбатчылык туш тараптан сыгып келе берсе, ал деле бир күнү ишке ашып кетиши мүмкүн. Анткени, келечекке ишенимди мындай кой, эртеңкибизди рационалдуу акыл эстин чегинде болжолдогонго мүмкүн болбой, баары башаламан болуп баратат.
Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити