Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 120

"Каржы полиция жоюлду деп Өкмөт чечим кабыл алды. Балким,  туура кадам, бирок жөн эле жок кылганы дагы бир маселе туудурат. Азыр каржы полиция тарабынан тергөө жүргүзгөн иштери көп. Анын ичинде камакта отурган жарандар аз эмес. Реорганизацияга бир эки ай убакыт кетет. Эмне, тигилер камакта отура беришеби? Менин пикирим, ошол маселени эске алса болмок Өкмөт. Жарандар реорганизациянын азабын тартпаш керек", - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына.