Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Конституциянын жаңы долбооруна каршы митингге катышты. Ал митингчилер көтөргөн плакаттардын биринде "6-чакырылыш "шаваль" деп жазылганын жана аны окуп уялганын айтты.
"Анткени, мен да 6-чакырылыштын депутаты болгом, бирок кеткем. Мен бул чакырылыштын ыйгарым укуктарын токтотуу керек дегендерге кошулам. Парламент беш жылга шайланат", - деди ал.
Ошондой эле, Конституциянын жаңы долбоорун 11-апрелде референдумга коюу туура эместигин белгиледи. "Садыр Нургожоевич, токтотуңуз! Конституцияны өзгөртө салып өмүр бою хан болом дегендер, азыр өлкөгө келе албай качып жүрөт. Долбоор тез арада кабыл алынышы керек деген шаштыруу жок. Депутаттар, кошоматчылыкты токтоткула!" - деди Масалиев.