Бүгүн, 9-мартта Бишкекте кезектеги митинг болууда. Бул сапар митингге саясатчылар жана коомдук, жарандык активисттер чыгып, Конституциянын жаңы долбооруна жана парламенттин мыйзамсыз кадамдарына каршылык билдиришти. 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, жарандык коом алсыздык кылып, каршы чыкпай, билгенин айтпай койсо, бийлик каалаганындай калчайт да, жыйынтыгында Кыргызстанда хандык башкаруу орнойт. 

"Канча жылдан бери парламентаризм деп күрөшүп келсек, хандык бийликтин кереги барбы?! Конституциянын жаңы долбоору элдик талкууга коюлган жок. Жогорку Кеңештин бул кылганы мыйзамсыз. Ошондуктан, легитимсиз парламентти кетирип, Конституциянын долбоорун кайрадан жазуу керек", - дейт ал. 

Белгилей кетсек, митингде мурдагы депутат Исхак Масалиев да жүрөт.