"Биз митингге өлкөдөгү мыйзамсыз саясий реформаларды токтотуу талабы менен чыктык. Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун талкуулабай туруп, 2-мартта "Референдум өткөрүү тууралуу" мыйзамга тиркеп, 1-окууда кабыл алып коюшту. Мындай мыйзамсыз кадамдарды токтотуу керек", -деди Жеңиш Молдокматов. 

Эске салсак, учурда Бишкекте митинг болуп жатат. "Ханституцияга каршыбыз" дегендердин катарында саясатчылар, коомдук активисттер бар. Алар колдоруна "Легитимсиз парламент тарасын!", "Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулсун!", "Парламенттик шайлоо тез арада дайындалсын!" ж.б. жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.