- Садыр Жапаров Россияга жумушчу иш сапары менен барып келди.  Бул сапардан эмнени күтсөк болот?

-Россия бизге кучагын ачып чын жүрөгүнөн тоскон жок. Эмне үчүн? Бул Садыр Жапаровго же анын жеке саясий деңгээлине, абройуна байланыштуу эмес. Анын бийликке кандай жол менен келгени Россия үчүн маселе жаратууда. Бир гана Россия эмес, башка коңшу өлкөлөргө да бул көйгөй болуп калды. Анткени, бизге ушул учурда алар жардам берсе, анан биз тез өнүгүү жолуна түшүп алсак, ал өлкөлөрдө да оппозиция бар да, “Мына, революция менен келген кыргыздар жакшы жашап кетти”, - дешет. Биздин кылганыбызды кайталоого түрткү болот. Ошондуктан, биз кандай аракет кылбайлы, Россия жана коңшу өлкөлөр бизге өлбө, жаным өлбө дегендей гана жардам беришет. Бирок батыш революция менен келген  бийликке ык тартаары маалым. Анткен менен анын артында ойлоно турган суроо жатат. Украинага жардам берди эле, Крымдан, Донецк облусунан айрылды. Грузияга берген жардамы Абхазиядан айрылуусуна алып келди. Армения батыштан жардам алып Карабахтан кол жууду. Ошондуктан, батыштан жардамды ойлонуп алыш керек... Жакшысы, башкалардан жардам күтмөй адатыбызды калтырып, өзүбүздүн ички потенциалыбызды пайдалануу менен экономиканы өстүрүү жолдорун издешибиз керек.  

-Садыр Жапаровдун президенттик ишмердүүлүгүнө киришкенине жүз күн боло элек. Бирок азыртан эле интернетте ага нааразы пикирлер жайнап кетти.  Бул эмнени билдирет?

-Элдин чыдамы түгөнүп калган, эми мурдагыдай беш-алты жылдап күтө албайт. Азыр ыкчам өзгөрүүлөр керек, жок дегенде өзгөрүүлөрдүн карааны көрүнүшүн каалашат. Акаевди өлкөнү алдыга жылдырат деп 15 жыл, Бакиевди 5 жыл, Атамбаевди 6 жыл, Жээнбековду 3 жыл күтүштү. Барган сайын президенттерге өзүн көрсөтүүгө берген мөөнөтү азайып, талабы күчтүү боло баштаганын байкоого болот. Ошондуктан бийлик элдин социалдык абалын көтөрө турган реформаларды тездетиши керек. Кыргызда одоно угулса да, мааниси терең жакшы кеп бар: “Болоор бала богунан” дейт. Өзгөрүүгө, алдыга жылууга ниет, тилек, аракет күчтүү болсо, бул биринчи күндөн эле байкалат.

-Бул жолку бийлик болоор бийликпи же жокпу, талдап көрбөйлүбү. Жапаров президент болуп шайланганына бир айдай убакыт болгону менен ага чейин үч айдай президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болбодубу. Ушул убакыт аралыгында кандай жыйынтыктуу кадамдарга барды?

-Акүйдүн дарбазасын алып, элге жакын бийлик болоорун туюндурганы көпчүлүккө жакты. Муну белгилебесек болбойт. Балким бирөөлөр бул майда нерсе дейттир, бирок бийликтин элден жашырынбай, бөлүнбөй, чогуу, жакын болобуз дегени келечекке жакшы ниетинен кабар берет. Коррупцияга күрөш жарыялады, буга чейин эл ичинде мамлекетти тоногону аңыз болуп келаткан бир топ мурдагы аткаминерлерди камакка алышты. Коррупцияга аралашса, тууганыма карабай каматам деген катуу убадасын берди.  Эми ал канчалык деңгээлде аткарылат, убакыт көрсөтөт. Министрликтерди азайтып, оптималдаштырууга кадам таштады.

 -Ал эми элдин нааразычылыгын кайсы аракеттери жаратып жатат деп ойлойсуз?

-Конституциянын жаңы варианты. Анда бийликтин баары бир колго чогултулуп калды. Курултай укугу көзөмөлдөө иретинде эмес, кеңешчи сыяктуу берилиптир. Бул анда эч кандай бийлик жок, жөн гана кадимки дүжүр кеңешчи болот дегенди туюндурат. Элдик көзөмөл болбосо кайра эле баштагы кебетебибизге кайтабызбы деген кооптонуу бар. Кыргызстан көп нерсени башынан өткөрдү. Канча жолу бир канча жыл артка кетип, төңкөрүш жасадык. Ошонун кайтарымы кылып Элдик курултайды бекитип алышыбыз керек эле. Бийликти күч менен алмаштыруу өлкө экономикасына, элдин социалдык абалына урулган сокку болоорун жакшы билебиз. Мындан ары бийлик дагы кыйшаңдап, элге “фокустарын” көрсөтө баштаса, адатыбызга салып ташбараңга албай, “сөзбараңга” алып, бара турган багытын көрсөтүп коюуга Элдик курултай жарамак. Бирок бул ниетибиз ишке ашпай калды. Садыр Жапаров буга каршы эмес болчу, “Курултай – эң чоң бийлик”, - деп айтып жүргөн. Бирок айланасындагы адамдар бийликтин баарын анын колуна топтоп берүүнү каалап жатышат. Анткени, бул өздөрүнүн кызыкчылыгына абдан ыңгайлуу, коррупциялык иштерин жүзөгө ашырууга жеңил болот. Бийликтин, аны менен кошо жоопкерчиликтин баарын Жапаровго үйүшөт да, “шеф айтып жатат”, - деп туруп өз иштерин жасай беришет. Мындай Конституция демократияга эмес, демократурага баштайт.

-Тандап алган кадрлары да көбүнесе коомчулуктун көңүлүнө төп келбей калып жатат. Сиз кандай ойлойсуз, кадр саясаты кандай баратат?

-Менин оюмча, жооптуу кызматтарга революцияга катышкан саясий лидерлерди коюу керек болчу. Анткени, алар бийликти алмашканы үчүн эл алдында жоопкерчилик алышкан. Революция идеясы үчүн иштеп беришмек. А революцияга катышпагандарды койгондо, аларда жоопкерчилик жок, бирдеме болсо “төө көрдүңбү – жок, бээ көрдүңбү - жок” болуп туруп беришет.

-Баткендеги чек ара маселеси коомчулуктун жүрөгүн өйүтүп турат. Аны тынч чечүүнүн кандай жолдорун сунуштаар элеңиз?

-Бул жерде президенттин орус өлкөсүнө болгон иш сапарына кайра кайрылуу керек болуп жатат. Ал жактан курал-жарак жардам алып келишти. Ошондой эле жардамды бир убактарда Тажикстанга да беришкен... Курал-жарактын бизге кереги жок. Россиянын Арменияга да, Азербейжанга да курал-жарактан жардам бергенин  билебиз, жыйынтыгы эмне болгону да  баарыбызга белгилүү.  Баткен чек арасы кооптонууну жаратууда. Ал жакка губернаторлукка генералды жөнөтпөй, андан көрө  Кыргызстандын Тажикстандагы элчисин алмаштыруу керек болчу. Анан дагы ал өлкөдөгү элчиликте иштеген дипломаттардын санын 2-3 эсеге көбөйтүү керек. Европа өлкөлөрүндөгү элчиликтерде кылаарга иши жок жүргөндөрдүн баарын Тажикстанга алып келүү керек. Дипломатиялык чебер сүйлөшүүлөрдүн негизинде маселени чечүүгө аракеттенүүбүз шарт. Чек ара маселесин согуш менен чече албайбыз, ал 10-класстын окуучусуна да дайын.   

 -Сиз Атамбаевдин убагында аны жерге-сууга тийгизбей мактап жүрдүңүз эле, андан кийин Жээнбековду мактадыңыз. Азыркы президентти качан мактап баштайсыз?

-Туура, Атамбаевди жакшы иштерин айтып мактагам, Жээнбековдун да туура иштерин баса белгилегем. А Жапаровду да мактайын эле дейм,  ага эки көзүм төрт, бирок  татыктуу иштерин азырынча таба албай жатам.