Садыр Жапаров менен Путиндин жолугушуусун ар ким ар кандай көз караш менен карап, баа бериши анык. Бирок кайсы көз караш акыйкат экенин аныктап алуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Анда ошол көз караштардан кичине кеп болсун.
1) Садыр Жапаровдун (бийликтин) көз карашы. Азыр Кыргызстан Россияга саясий, экономикалык жана коопсуздук жагынан толук кандуу көз каранды. Бийлик Россия менен эсептешпей жашоону мүмкүн эмес деп билет. Орустан башка кожоюн таап жашоодон коркот. Анткени, Россиянын колунда Кыргызстанды кысып коюучу инструменттери көп. Мисалы Россия мигранттарды кубалап жиберсе же текшерүүнү күчөтүп, жаңы шарттарды койсо Кыргызстан аларды коргой албайт жана өз жерине тосуп алып иш да бере албайт. Мындан тышкары чек араны козгойт же ЕАЭБ (Евразия экономикалык биримдиги) аркылуу Кыргыз товарларын жараксыз кылып, өз базарына киргизбей коет. Бул ишкерлер үчүн, мамлекет үчүн чоң сокку болот. Россиянын мындан башка да рычагдары абдан көп. Бул нерселерге кабылуу Кыргызстан үчүн керек эмес. Ошондуктан Садыр Жапаров алгачкы визитин кожоюнунан баштады. Эң кызыгы Садыр Жапаров жолугушу учурунда: "Биздеги саясий кризистерди жөнгө салууга жардам бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем", - деди. Бул дегени - башкаруу Россиянын колунда дегени. Анын жардамысыз, кийлигишүүсүз иш бүтпөйт дегени.
2) Россиянын карашы. Россия Кыргызстанды өзүнүн колониясы катары көрөт. Теңине албайт. Саясий чечимдерди мажбур кабыл алдырат. Базарыбызды кенен пайдаланат. Аскерий базаларын курат. Аскерлерин каалаган көлөмдө каалаган убакытка калтыра алат. Муну менен өз таасирин бул аймактан жоготкусу келбейт. Россияга каршы күчтөрдүн бийликке келип калышын тыкыр карайт. Ошондуктан, бийликке орусчулдан башка күчтөрдүн келүүсү өтө кыйын.
3) Батыштын көзү. Батыш Садыр Жапаровдун Орус менен болгон мамилесин эч качан жактырбайт. Садырдын визитин кул кожоюнуна ыраазычылык, көмөк издеп барды деп эле түшүнөт. Эгер Садыр Жапаров батыш менен мамилесин жакшыртып, ошол жака ыктаганда бир топ каржылык жардамдарды ала алмак. Муну батышчылдар байма-бай айтып жатат. Бүгүн Кыргызстан экономикалык кризистен Орус менен эмес, балким батыш менен кызматташса (батышка кул болсо) чыга алат дешет.
4) Эл аралык көз караш. Бүгүн Россия эл аралык майданда өтө эле таасирин жоготуп, бедели аябай эле түшүп кетти. Россия элинде жакырчылык, козголоң, экономикалык кризис жүз берүүдө. Бийлигин күч менен сактап турат. Эл аралык майданда жетекчи макамын жоготуп, анын ордун Кытайга окшогон гигант экономикасы бар мамлекет ээлеп келе жатат. Бара-бара Россиянын таасири дагы да жоголуп, катардагы көз каранды мамлекетке айланышы анык.
5) Карапайым кыргыз калкынын көзү менен. Калктын аң-сезимине орус маданияты сиңип кеткен. Союздун таасири бизден дагы деле тарай элек. Орусту бир тууганыбыздай эле көрөбүз. Орустун тили, ТВ каналы, мыйзамы аркылуу алардын жашоосун толук кандуу эле көчүрүп алганбыз. Ушундан улам орусту эч кандай душман катары көрө албай, биздин дос, куткаруучу катары баалайбыз. Керек болсо телевизордон орус бирөө менен согушкан кино көрсөк "биздикилер" деп орустун тарабын алабыз. Спорттук мелдештерде да орустун спортсмендерин "биздикилер жеңип жатат" деп колдойбуз. Бул ыплас көз караш канча жылдык саясаттын негизинде аң-сезимге сиңип кеткен.
6) Мусулманчылык көз караш. Чындыгында мусулмандар Союз учурунда динден бир топ эле узакташып, намаз орозосун гана араң карманып келди. Башкасы зээнден учуп кетти. Эми гана сабатыбыз жоюлуп баштады. Исламды тереңдеп үйрөнгөндөр күн сайын көбөйүп жатат. Дуа, намаз, орозо, Куран окуудан башканы билбеген мусулмандар бүгүн эл аралык мамилелерди да Ислам көзү менен караганга үйрөнүп жатышат. Албетте, үммөттүн үстүнөн дагы көп-көп иштеш керек. Бирок бүгүн мусулмандар орустун да, Батыштын да, Кытайдын да саясатын колдобой калды. Керек болсо Ислам жерлериндеги режимдер дагы Исламга тескери экенин билип калды. Ушундан келип чыгып, бүгүнкү Садыр Жапаровдун Орусия менен болгон кул-кожоюндук мамилеси Ислам көз карашына туура келбейт. Россия мусулман жери үчүн, мусулмандар үчүн душман эсептелет. Россиянын саясаты Ислам саясатына бүтүндөй тескери болуп, Россия менен Мусулмандардын ортосунда идеологиялык күрөш бар экенин унутпоо керек. Россиянын карамагындагы мусулман мамлекеттерди азат кылып, Ислам байрагы алдында бирдиктүү болуу керек. Кыргызстандагы Россиянын таасирин бүтүндөй жоготуп, Кыргызстан сырткы саясатын мусулман мамлекеттери менен курганга өтүшү керек.
Нуржигит Карыбеков