Президенттин, премьер -министрдин, өкмөт мүчөлөрүнүн, ар бир тармактагы аткаруу бийлигиндеги жетекчилердин, губернатор, акимдердин, керек болсо айыл өкмөттөрдүн жана жалпы мекендештердин кулагына күмүш сырга! Ачуу болсо да айтууга мажбурмун.
Жаңы бийлик келди, жоопкерчиликти алышты. Толук кандуу ант беришип иштегендерине болгону 15-20 күн болду.
Тилекке каршы, эмне үчүн ишенип, мүмкүнчүлүк берип, өз жоопкерчиликтери менен иштеп, жыйынтык бергенге мүмкүнчүлүк берип, сабыр кылып күткөндү каалабайбыз мекендештерим? Кадр меселесин өздөрү каалагандай чечсин. Кандай кадрды кызматка койсо, аткарылган иштин жыйынтыгы менен өздөрү жоопкер болот.
Урматтуу президент, премьер -министр! Адашып келип калган кошоматчы, серый кардинал болом деген, дароо тууган -уругун кызматка сунуш кылганга жетишкен жылмакай, жыландай сойлоп, балыктай сыйгаланган, "чу" дегенде артынан сөз ээрчиткен, бузук телефон болгон вазирлерден, кеңешчи, жардамчылардан кутулуп коюуну трагедия катары көрбөңүздөр!
Ниети таза болсо иштешсин. Реалдуу жашоодогудай ыңгайсыз жараткандар менен эсептешпей эле акырын тазалап, кутулуп койсоңор эл ыраазы. "Чу" дегенде ишеничтен кеткен кайталайт. Оңолбойт. Ийри жыгач түз болбойт. Аларсыз деле мамлекет өнүгүп кете берет буюрса. Кеңешчилердин чөйрөсүнөн сырткары чыгып кеңири карасаңар күчтүү кадрлар көп. Өзбекстандын президентинин тажрыйбасын пайдаланыңыздар!
Мына Мирзаев Президенттик аппараттан баштап вертикалдык областтык, райондук масштабга чейин инвестиция тартып келүү, өнүктүрүү, эл аралык мамилелер боюнча кызматтарга чет өлкөдө окуп, билим алып,ошол жакта 5-10 жылдап иштеп, заманбап технологияларды үйрөнүп, тажрыйба чогултуп, инвестиция тартуунун ыкмаларын, башкаруу системасын, эл аралык мамилелерди өздөштүргөн, англис тилдерде эркин сүйлөгөн, өз алдынча бышып жетилген, жаңыча ойлонгон, заманбап кадрларды таап, алып келип жайгаштырып, шартын түзүп берип,т артып келген инвестициясына жараша поошренияга отургузуп, кызыктыруучу шарттарды түзүп, айлыктарын беш миң доллардан кем эмес кылып уюштуруп берип, иштетип жатышат. Мына, Өзбекстан кандай тездик менен өсүп жатат. Бул факт.
Бизде болсо ар түрдүү кызматта ар ким менен иштей берип, кашаңына айланып, чарчап калган кадрлар коюлуп жатат. Себеби, чөйрөңөрдө кеңешчиңер таттыксыз, көрөңгөсү тар, билимсиз, өзүнүн үстүнөн иштебеген, кошоматчы, мамлекеттик кызматка кыргызча ой жүгүрткөн адамдар жүргөндүгү ачык коомчулукка билинип калды. Андай адамдар өздөрүнөн жогору турган күчтүү кадрларды сунуш кылышпайт.. Мүмкүн болушунча аларды уга турган, өздөрүнөн алсыз кадрларды сунуштап, кесепети болуп жүрүшкөндүгү тарыхтын ачуу чындыгы. Демек, кадрлар боюнча конкреттүү жыйынтык чыгаруу сиздердин милдет урматтуу бийлик башына келген азаматтар!
Күчтүү кадрларды ар кандай жекече амбицияны артка таштап, өлкө кызыкчылыгы үчүн чогулткула жаныңарга. Жеке иш эмес. Мамлекет үчүн иштеп бере тургандарды чакырып пайдалангыла!
Ошондуктан мекендештерим! Бүгүнкү күндө бардык жоопкерчилик президентте, премьер -министрде. Анткени, учурдагы жаңы кабыл алына турган Конституция боюнча да ушулар жооптуу. Таза, кесипкөй, тажрыйбалуу адамдардан команда түзүп, алардын өз кызматын мыйзам чегинде элдин кызыкчылыгына иштөөсүнө жоопкерчилигин көзөмөлдөсүн. Чек ара көйгөйүндөгү делимитация, демаркация иштерин аяктап,чек араны тосушуп бүтүрсүн. Өлкө коопсуздугун, эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн сакташсын. Мамлекеттик жана азык-түлүк коопсуздугуна жооп беришсин. Өлкөнү саясый-экономикалык, социалдык,
руханий кризистен алып чыгышсын. Коррупция менен күрөшүп, алардын уурдаганын төктүрүп, мамлекеттин казынасын толтурушсун. Мамлекеттин ички, тышкы карыздарын төлөөнү уюштурушсун. Социалдык төлөмдөрдү пенсия, пособия, айлык акыларды өз убагында төлөө үчүн каражат үзгүлтүксүз табууну, төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйткөндү эске алышсын. Темирдей тартип орнотушсун. Энергетика, жол, суу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүшсүн. Мигранттарды кайтарып келүү үчүн өндүрүштөрдү уюштуруп, жумушчу орундарды түзүшсүн.
Күнү келгенде байлыгың да, бийлигиң да, чогулткан дүр- дүнүйө, алтын, каухар, баалуу таштарың, тагынган, чогулткан алтындарың, брлианттарың, чогулткан эбегейсиз байлыгың, этаждаган жана пентхаус үйлөрүң, гектарлаган жерлериң, ээлеп алган кендериң кымбат баалуу машинаң да бир тыйынга жарабай, өзүңө да аскатпайт, керекке да жарабай калат. Өмүрүңдү да сактап калбайт. Көтөрүп да кетпейсиң оо дүнүйөгө. Жылаңач келгенсиң, жылаңач кетесиң! Эки метр жер менен 11 метр ак материалга гана ээ болосуң! Эки колуң ,эки бутуң сулайып жатасың каласың. Он күндөн кийин эч ким сени эстебейт.
Жоопкерчилик деген, кайтаар дүнүйө, элдин назары, каргышы деген ыйык нерселер бар. Сабыр кылып,тооба келтирип, Кудайдын буюрганына моюн сунуп, ниетти түздөп, жакшылыктан үмүт үзбөйлү мекендештерим!
Надира Нарматова, экс-депутат