Байыркы жоокер- көчмөн кыргыз элинин дагы бир жаңы тарых барагы 2020- жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуулардан кийин башталган. Жакында же 2021- жылдын 28- январында, ал жаңы тарыхыбыз эми ЖАПАРОВ деген ысым менен бирге жазылаары биротоло бекитилди. Жакынкы арадагы элдин, мамлекеттин тагдыр-турмушуна байланыштуу оор жүк, милдеттерди ал өз мойнуна алды!
Ушуга байланыштуу кыргыз элимди кезектеги жаңы тарыхын өзү жаратып, жаңы президенттүү болушу менен куттуктайм! Ал эми жаңы президентибизге, элибиз аныктаган жаңы Кыргызстанды ( Президенттик башкаруудагы) жаңы тепкичтерге көтөрүп, кыргыздын коломтосун өчүрбөй, улуттук кайра жаралуу багытында, кажыбас кайрат менен, талыбас ден-соолукта болуп, өз элине карата чексиз мээримдүү, күйүмдүү, көтөрүмдүү, жана айкөл болушун ага каалайлы жана жалгыз бир жараткандан аны тилейли! Элге берген убадаларын, антын ыйык аткарышы үчүн АК ЖОЛ дейли!
УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ! Байыртадан өлкө, улут тагдырына байланыштуу көйгөйлүү маселелер кайрадан каралып жатканда, кайдыгер эместердин буга ээлеген кызматына, социалдык абалына карабай өз пикирин ачык билдирүүсү, анын атуулдук парзы катары кабыл алынган. Мен дагы өз атуулдук парзымды аткарып, сиздин көңүлүңүздү төмөндөгү маселелерге бургум келет:
1. БҮГҮН САЯСАТ, ЭРТЕҢ ТАРЫХ...
2020- жылдын 4- октябрындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун таза эмес өткөнүнө байланыштуу элдик нааразылыкты «пайдалана билүүнүн кесепетинен» Ак үй эл тарабынан алынып, бийлик бутактары иштей албай калгандын натыйжасында, бийлик алмашуу легитимдүү жолдор менен толук ишке ашырылды. Бул де- юре жана де-факто талашсыз чындык. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин эл ичинде, саясатчылар арасында, ал түгүл эл аралык деңгээлдерде, ал тарыхый окуялар жөнүндө ар кандай сөздөр, ой пикирлер көп айтылууда. «Ак үйдү мен алдым», «үчүнчү революцияны мен жасадым», « түрмөдөн тигини, муну мен минтип чыгардым», «элди аянтка мен чыгардым, тигил жактан ташып келдим», «С.Жээнбеков бул себептен арызын жазууга аргасыз болду», “революцияны бакиевчилер жасады”, «Максимдин долбоору», «атамбаевчилер жасады» жана башка ушундай өйдө- ылдый, карама-каршылыктуу сөздөр абдан көп. Эми «октябрь баатырлары» пайда болду. Эртең Атамбаев же башка бирөө кантип Сокени Ак үйгө киргизбей, бийлигин кулатканы боюнча кино тарттырып, жазып чыкпайт деп ким кепилдик берет?! Бүгүнкү көчөдөгү сөздөр, эртеңки биздин тарыхыбызга айланабы? Мен ушул маселе боюнча, президенттин милдетин аткаруучу жана спикер Т. Мамытовго атайын мамлекеттик же парламенттик комиссия түзүп, бул тарыхый окуяны ар тараптуу иликтетүү боюнча эки жолу расмий кайрылдым. Бирок атайын комиссия түзүлбөдү, расмий иликтенбеди?! Тарых ар тараптуу иликтенип, такталып, расмий жазылбады?! Азыр да кеч эмес, ошондуктан сизге өз Жарлыгыңыз менен атайын комиссия түзүп, иликтетип тарыхты бурмалатпоого жол бербеңиз деп кайрылып жатам. Же 5-9-октябрларда нечен ирет жолугушуп, Координациялык Кеңеш түзүшүп, бийлик бөлүштүрүшүп, анан өлгөн атасы тирилип келгендей “Форумга” Атамбаевге чейин барышып, Бабановду бийликке олтургузуу үчүн Ак үйдү көздөй жүрүш кылгандардын аракетине кантип саясий баа берилет? Келечек муун чындыкты эмне менен салыштырат? Тарыхка кантип киргизилет, кандайча окутулат? Же адатыбызча фальсификацияланган тарыхты окутабызбы? Ар кимдин өз чындыгы болот. Мен да эгемен Кыргызстандын тарыхын башынан «Мен кыргызмын» деген ат менен саясаттын, тарыхый окуялардын ичинде жүргөн адам катары, өз көргөн- билгенимди кийинки муундар үчүн жазып жүргөнүмдү улантып, октябрь окуялары боюнча, өзүмдүн жеке иликтөөмдү 8- октябрда эле баштагам. (2020- жылдын 8- 23- октябрына чейин Бишкекте болуп, көптөгөн «октябрь баатырлары», саясатчылар менен жолукканымды жакшы билесиз). Тыянагымды жакында чыгарам. Көптөгөн «революционерлерге», «октябряттарга» жакпай калышы мүмкүн. Күндөн күнгө октябрь революциясынын авторлору да көбөйүүдө. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш дечи. Бирок чындык баарынан жогору...
2. КОНСТИТУЦИЯ ХАНДАР ҮЧҮН ЖАЗЫЛБАЙТ....
Адамзатынын жаңы тарых дооруна чейин ( 17-18- к.к.) же тактап айтканда, шайлоо жолу менен өлкө башчысы бийликке келген Республика тибиндеги мамлекеттер пайда болгонго чейин, мамлекет башчылары болушкан: королдор, императорлор, царлар, монархтар, кагандар, хандар үчүн эч качан баш мыйзам жазылган эмес. Алардын өзү Баш мыйзам болушкан. Президенттик Республикалардын башчылары -президенттер -үчүн, Конституция ойлонуп чыгарылган. Мындай өлкөлөрдө королдун, императордун, хандын чексиз бийлигиндей чексиз бийлик президентке берилбейт, анын бийлиги Конституция менен аныкталып, чектелет. Президент баш болуп, баары Конституцияда, мыйзамдарда бекитилген бийликке, укукка, милдетке гана ээ болот. Бирок тилекке каршы адам дегениң өмүргө, байлыкка тойбогондой эле, бийликке да тойбостугун нечендеген «диктатор» атка конгон президенттер далилдеп келишет. Ага өзүбүздүн эле 30 жылдык тарыхыбыздагы «узурпатор» атка конушкан президенттерибиздин жоруктары далил.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, жаңы Конституция жазылып жатат, Акаевге окшоп: «... Англиянын королевасындай болуп калыптырмын ...»- деп бийлик талашпай , «элиме берген убадаларды аткарыш үчүн милдет, жоопкерчилик жүктөгүлө»- деп ыйгарым укук менен кошо жоопкерчиликти талашыңыз. Мисалы: а) «КРнын президентинин кайсы бир партияны ачык же кыйыр колдогону Жогорку Кеңеште же Элдик курултайда далилденгени, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна алып келет»;
б) « КРнын президенти ар жылдык аткарган иш аракеттери боюнча, жыл сайын элдик курултайда элге отчет берет»; ( Парламенттик өлкөлөрдө Өкмөт башчы өзүн шайлаган депутаттарга жыл сайын отчёт бергендей эле, Президент жана ЖКнын депутаттары да өздөрүн шайлаган жалпы элге жыл сайын бир жолу отчёт бериш керек)
в) “КРнын президенти өз Жарлыгы же өз Жарлыгы менен өткөргөн Референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү, толуктоолор киргизүү жолу менен өзүнө кошумча ыйгарым укуктарды алалбайт” жана башка ушул сыяктуу ченемдерди Баш мыйзамга так жаздырыңыз. Себеби, сизге чейинки президенттер ушундай жолдор менен мамлекеттик бийликти толук узурпация кылышкан. Эл менен шайлоодон кийин эсептешпей калган. Бирок алардын кылган, аткарган иштери катары: мекенибиздин кол тийбестигинин бузулгандыгы, колхоз- совхоз, завод- фабрика таланып, бүлүнүп ит бекер сатылып чачылганы, алардын ордуна жумушчу орундар түзүлбөй элибиз жумушсуз карайлап калганы, кен- байлыктар жана башка элдин байлыктары чет элдиктерге сатылганы, өлкөнү жана коомубузду коррупцияга жана карызга батырышканы, үй- бүлөсү, үй- бүлөлүк партиялар менен өлкөнү башкарышканы, элди үч жолу өздөрүнө каршы көтөрүлүшкө чыгууга, Ак үйдү алууга мажбур кылышканы жана башка элге, мамлекетке жасаган кыянаттуу иштери менен тарыхта калды. Башкача тарыхта калганга чексиз бийликтери жардам берген жок!
3. ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЖӨН ЭЛЕ ЖЫЙЫН ЭМЕС, АЛ КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМ МЕНЕН АНЫКТАЛГАН ӨЗГӨЧӨ КООМДУК ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК МААНИСИ БАР МАСЕЛЕЛЕР КАРАЛУУЧУ УЛУТТУК (ЭЛДИК ) ЖЫЙЫН...
Конституциялык Кеңешменин иштеп чыккан долбоорунда (7- берене ) Элдик Курултай институту каралып, ал жөн гана «коомдук өкүлчүлүктүү жыйын» деп аныкталыптыр. Нечендеген кылымдар бою жоокер- көчмөн элдеринин демократиясынын туу чокусу болгон элдик курултай институту , көчмөн-жоокер элдин өзөгүн түзгөн кыргыздардын улуттук демократиясынын туу чокусу катары өзгөчө улуттук жыйын статусу берилген улуттук ( элдик) жыйын болууга ылайыктуу. Акаевдин доорундагы Эл өкүлдөр жыйынынын ролун да кайталабашы керек. Элдик Курултай институту бир дагы мамлекеттик бийлик бутагына кирбеген, турбаган, баарынан жогору туруп, улуттук демократияны чагылдырган , негизинен жылына бир жолу чогулуп, эл тарабынан шайланган президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишине баа берип же кайсы бир жалпы элге, мамлекетке тиешеси бар, мисалы Кумтөр сыяктуу маселени бийликтин алдына коюп туруучу, элдик контролдук функцияны аткарган жыйын. Элдик Курултай орус тилине да Собрания болуп которулбашы керек. Анда уят эле болобуз. Курултай институту жаңы Конституциянын жок эле дегенде 5-6 беренесинде бири- бирин толуктаган, тактаган маанилерде шайкеш көрсөтүлүшү талап кылынат. Ошондо гана курултайдын толук маанисин анын каршылары эле эмес, колдоочулары өздөрү да толук түшүнөт. Мисалы, азыркы Конституцияда (2- б. 2-п.) «Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн- түз шайлоолордо жана референдумдарда... жүзөгө ашырат»- деген ченем бар. Ушул жерге «элдик курултайларда» деген сөздөрдү кошуу керек. Анткени, элдик курултайлар аркылуу элибиз өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана коомдук маселелерди карап, бийлик алдына коюуга укуктуу болгону жатпайбы. Андан соң референдум менен шайлоолорго өзүнчө пункт менен түшүндүрмө берилгендей эле элдик курултайга да атайын берене менен аныктама берүү керек. Долбоордогу аныктаманы дагы кошумча редакциялоо керек. Элдик курултай өткөрүү негизинен бул жарандардын укугу экенин, жарандардын укугу камтылган бөлүмгө бекитилиши ( азыркы Конституциянын 52- беренесиндегидей), элдик курултайдын бийликтин дүжүр жыйыны эместигин тастыктайт. Мындан сырткары эл тарабынан шайлануучу Президент, Жогорку Кенеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же алардын кызмат адамдарынын өзүн шайлаган эл алдындагы отчёттуулугун элдик курултайлар аркылуу ишке ашырылуусу кепилденген ченемдер тийиштүү беренелерде бекитилиши керек деп ойлойм. Мисалы, «КР нын президенти ар жылдык аткарган иш аракеттери боюнча, жыл сайын элдик курултайда элге отчөт берет» деген ченем Президент жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлөт. Ошондо гана элдик курултай институту гармониялык түрдө толук улуттук демократиянын туу чокусу экени билинет. Болбосо бир митинг сыяктуу болгон айырмасы бийлик түзгөн коомдук өкүлчүлүктүн жыйыны болуп кала берет.
4. АЛГАЧ ЧЫГАРГАН БЕШ ЖАРЛЫГЫҢЫЗДЫ ОКУДУМ.... Элчилдик, мекенчилдик, улуттук идеологиянын үрөндөрү бар экен. Ушундай улуттук кайра жаралуу багытындагы баалуулуктун үрөндөрү Конституциянын беренелерине да себилишин колго алууңузду өтүнөмүн. Мисалы:
а) 30 жыл бою айрым эл аралык уюмдардын лоббиси менен же болбогон гранттар үчүн же аларга жакшы көрүнүү үчүн эле Конституциябызга дембе- дем киргизилип, бирок элибизге кыпындай жакшылык алып келбеген же иштебеген батыштын либералдык- анархиялык демократиясын, айрым ашыкча кайталанган гендердик, этникалык азчылыктын укуктары менен эркиндиктерин Конституциядан азайтып, алардын ордун өзүбүздүн кылымдарды карытып, кыргызды жоготпой сактап келген улуттук- традициялык демократиябызга багыт алган ченемдер менен көбөйтүүнү;
б) Улуттук-кайра жаралуу идеологиясын бекемдөөчү ченемдерди киргизүүнү;
в) Кылымдар бою улуттук демократиянын туу чокусу катары элибизге кызмат өтөп келген элдик курултай институтун, бийлик менен элдин ажырымын азайтуу, эл менен бийликтин өз ара байланышын, ишенимдерин бекемдөө, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин чыңдоо максатында, элдик курултай жөнүндөгү ченемдерди жогоруда мисал кылып жазгандай Конституциянын бир катар беренелерине шайкеш киргизүү;
г) Конституцияда Укук менен милдеттин тен салмактуулугун карманууну
д) Кыргызстандын унитардуулугуна, эгемендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына шек келтирүүчү жана кыргыз улутунун бир эл катары бекем трансформацияланышына кедергисин тийгизип жаткан ашыкча «интернационализм», «глобализм», «адам укуктары» багытындагы беренелерди ревизиядан өткөрүп, улут укугуна көңүл бурууну. Мисалы «расмй тил» деген түшүнүктү 2000- жылдагы президенттик шайлоодо орус тилдүү шайлоочулардын добушун алуу үчүн эле, Акаев депутаттар Усубалиев, Текебаевдин авторлугунда Конституцияга киргизген. Азыр мурдагы СССРге мүчө болушкан бир дагы республикада биздикиндей кош тилдүүлүк калган жок. Ал түгүл коңшу Өзбекстан, Казахстан кириллицадан кетишип, латынга өтүштү. Орус тилин расмий тил эмес, «КРда орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары мамлекеттик тил менен катар бирдей колдонулат»- десек мезгилдин талабына туура келет. Бир мамлекетте бир эле мамлекеттик тил болушу кыргыз тилибиздин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. «Орус тилсиз дүйнөгө чыгалбайбыз» - деген азыр жомок.
5. КУМТӨР СИЗДИН ТАКТЫГА ИЛИНГЕН ЧОКОЮҢУЗ....
Кыргызстандагы коррупциянын туу чокусу бул- Кумтөр маселеси. 1992- жылдан ушул күнгө чейин Кумтөр мафиясы, коррупциясы жөнүндө аздыр- көптүр маалыматы бар депутаттар, саясатчылар, президенттикке талапкерлер, президенттер, атайын түзүлгөн парламенттик, мамлекеттик жана коомдук комиссиялар тарабынан негизинен Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн. Башкы Келишим, азыр иштеп жаткан кийинки бардык келишимдер «коррупциялык, Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбаган келишим» деп таанылган. Президент болгонго чейин Бакиев, Атамбаевдер Кумтөрдү «кайтарам» деп да айтышкан.Президент болгондон кийин эле алтын баскан «драконго» окшоп калышты. Жээнбеков, өкмот башчысы Абылгазиев экөө тең: “Кен-байлыктарды көзөмөлдөө мамлекеттин колунан таптакыр чыгып кетиптир”,- деп мойнуна алышты, бирок кылдай иш кылышкан жок. Кумтөр маселесинде сиздин ордуңуз өзгөчө. Өмүрүңүз, кайгы муңуңуз, кадыр беделиңиз баары Кумтөргө байланыштуу. Кумтөрдү көтөрүп мекенчил саясатчы болуп элге таанылдыңыз, эл сизге «Кумтөр үчүн камалды, азап тартты, жакындарынан айрылды, эми Кумтөрду президент болуп өзү чечет »- деген үмүт менен да добуш берди. Мен сизге 13- октябрда өкмөт башчы болуп, легитимдүү, талашсыз парламенттен бекигениңизде «1- буйругуңуз Кумтөргө байланыштуу болсун», - деп расмий кайрылдым эле. Мүмкүн бийлигиңиз аздык кылды окшойт, андай болбоду. «Мен изилдеп чыгайын»,- деп койдуңуз парламентте. Изилдегенде эмне, Кумтөрдүн алтыны өзүңүз жакшы билген: 1992-1993- ж.ж. Ш. Мамбетов жетектеген алтын комиссия, 2002-2003- ж.ж. Мыйзам Чыгаруу Жыйыны , 2005- жылы март революциясынан кийин Башкы прокуратура , 2006-2007- ж.ж. 3- чакырылыштын ЖКнын айрым депутаттары, 2009- ж. Ак-Жол парламенти бекитип берген «эл аралык келишими», 2012-2013- жылдары сиз жетектеген парламенттик комиссия, Сариев жетектеген мамлекеттик комиссия, 2013-2014-ж.ж. Эл- үнү саясый- коомдук уюму, 2018- жылы ондогон саясый- коомдук уюмдардын биргелешип өткөргөн курултайы, 2019- жылы курултайдын чечимдерин аткаруу комитети тарабынан өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияларда нечен ирет аныкталган мыйзамсыз келишимдер , мыйзам бузуулар,коррупциялык жолдор менен эле казылып,ташылып, экологоиябыз бузулуп, ууланып келе жатат. Мунун чын экенин мурдагы экспертиңиз, азыркы экология министриңиз Динара айым ( Кутманова ) деле тастыктап жатса керек. Менин укукчу катары айтарым башка, ошол 1992- жылы Акаев, Бирштейиндер баштаган кылмыш азырга чейин улантылып жатканы! Кылмыш бүтө элек. Муну Кылмыш Кодексинде улантылган кылмыш (продолжаемые преступление) деп коет. Баш прокурор Салянова мезгилинде парламенттин тапшырмасын аткарымыш болуп, жаңы кылмыш ишин козгоп, бирок эскирүү мөөнөтүнө байланыштырып кайра жаап койгону да кылмыш. Ал жаңы кылмыш иш козгобой, мурда козголуп өндүрүштөн убактылуу токтотулуп турган кылмыш иштерди жандандырыш керек болчу, ошондо эскирүү мөөнөтү болбойт эле. Анткени, 1992- жылы башталган кылмыш азыр да улантылып жатат. Болгону кылмыштын катышуучулары улам жаңы президент келген сайын жаңыланып туру. Экинчиден, эң башкы күнөөкөрлөр Акаев, Бакиевдер жазаланмак тургай суралган да жок! Мурда суралып (азыр да издөөдө) үй камагында жүргөн Танаев, аны 2005- жылы кеч күздө «Москвага дарыланууга тил кат беришип узатышкан” депутатар да суралбады. Негизги маселе кимдир бирөөнү сөзсүз эле каматуу эмес,мыйзамсыз ташылып кетип жаткан элдин байлыгын кеч болсо да сактап калуу, чет элдиктерге берилген мыйзамсыз лицензияларды кайтаруу, кен- байлыктарды иштетүүнү мамлекеттин көзөмөлүнө алуу, кен чыккан жерди инвесторлорго берүүдө, элдин үлүшүн 51 пайыздан кемитпоо (азыр элдин үлүшү бир дагы кенде аныкталбаган), Өкмөт менен келишими жок туруп кен казууларга тыюу салуу, ( Жер- Үй , Чаткал ж. б. зоналарда). Коррупциялык жол менен «эл аралык статусун» алган Центерра Голд компаниясы менен түзүлгөн 2002- жана 2009- жылкы келишимдерди түзүшкөн, колдогон, добуш берген чиновниктер менен,депутаттарды эл душманы катары элге жарыялоо сиздин негизги тарыхый ишиңиз болуш керек.
Эгерде сиз Кумтөргө жана башка кен байлыктардагы коррупцияга чекит койбосоңуз, сиздин бийлик дагы Кумтөр коррупциясы боюнча кылмышты уланткан болосуздар! Анткени, Кумтөрдүн экологиялык, материалдык зыянынын орду толгус: миң тоннадай алтын, күмүш, теллуй, вольфрам ж.б. баасын айтпаганда да алтын жууган эле бир литр таза сууну бир сомдон эсептегенде, жүздөгөн триллион сом болорун эксперттер сизге эсептеп беришсе керек.
6. КЫРГЫЗДЫН ПРОБЛЕМАСЫ БИР ГАНА КУРСАКТЫН БӨКСӨЛҮГҮНДӨ ЭЛЕ ЭМЕС, ӨЗ ЖЕРИНДЕ КАДЫРЫ ЖОК, ЖАН ДҮЙНӨСҮНҮН ЖАРДЫЛЫГЫНДА...
Кыргызстандын жарандарынын жан дүйнөсүнүн азыркы абалын акыркы эки шайлоодогу ( 2020- ж. 4- октябрь жана 2021-ж 10-январь) активдүүлүгү жана ээлеген позициялары менен салыштырып карап, болжолдуу анализ жүргүзсөк жалпы калкыбызды беш категорияга бөлүүгө болот экен. Шакемдин ( Дүйшеев) «Кайдыгерлик» деген ырынын кармандары болгон “мага барибир кайдыгерлер” 1- орунга чыгышат. Алар болжол менен жалпы Кыргызстандын элинин 50 пайызын түзөөрү н акыркы эки шайлоодо көрсөтүштү. Айрыкча, 2020- жылдын 4- октябрындагы шайлоодо «канча бересиңер» деп , бийликтин бай партиялары менен соодалашып жүрүп активдүүлүгүн көрсөтүшсө, 2021- жылдын 10- октябрындагы референдум менен президенттик шайлоодо «акча бербесе шайлоого барбайм»- деген позицияда турушуп, көпчүлүгү шайлоого жана бийликтин формасын тандоого катышкан жок. Бул шайлоодо өлкөнүн эртеңкисине кайдыгер эместер негизинен активдүүлүктү көрсөтүп, шайлоо менен референдумга болгону жалпы шайлоочулардын 39 пайызы араң катышты. Демек жан дүйнөсү боюнча улуттук- мекенчилдик принциптерди карманышкан сатылбагандар жалпы калктын болжолдуу 30 пайызын түзө т деп аларды 2- орунга койсок болот. Ушундай адамдарыбыз бар үчүн келечектен үмүт үзбөйлү! 3- орунду 10 пайыз менен «киргиздер» менен орусчулдарга, 4- орунду 9 пайыз менен ашкере исламчыл «сакалчан дамбал» кийгендерге, ал эми калган бир пайызды «батышчыл көктөргө» берүүгө туура келет. Буларды эмне үчүн жазып жатам, урматтуу президент! Улутубуздун карды эле ач эмес, жан дүйнөсү да жарды бойдон экенин айткым келет. «Үчүнчү революция -жан дүйнөнү н революциясы болсо экен» деп 2016- жылы улуттук- мекенчилдердин “Ак-Кемеде” өткөн бир жыйынында айтсам, Атамбаев: «Канга тойбогон кузгундар үчүнчү революция кылганы жатышат... аларды жолотпогула, таш бараңга алгыла...»- деп катуу реакция кылды эле. 1917- жылдагы Октябрь Революциясынан кийин коммунисттер саясый, индустриялык, кооперациялык жана маданий революцияларды жүргүзүшкөн. Биз кыргыздар болсо мурдагы эки революциябыздан кийин (2005-ж. март жана 2010-ж. апрель) негизинен бийлик, байлык бөлүштүрдүк андай пландуу реформаларды жүргүзө албадык. Сиз ал катачылыкты кайталабай, жок дегенде өз жеринде кадыры жок кыргыздын жан дүйнөсүнө бүлүк сала турган «МЕН КЫРГЫЗ ЭКЕНИМЕ,МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК БОЛГОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ»- деген ураан менен саясый-маданий идеология иштерин жүргүзүүнү сунуш кылам. Албетте, 30 жыл ичинде кыргызга бүткүл дүйнө эли суктана турган үч революцияны кыргыз эли өзү жасады. Муну башты бийик көтөрүп, сыймыктанып белгилеп жүрүү керек. Бирок ал элдин жеңишин революциядан кийин бийликке келген “революционер- президенттер” “революцияң ушул болсо” -деп түкүрүнгөндө й жер менен жексен кылышпадыбы?!. Ага элдин күнөөсү жок. Сизди так ушудан сак болууга чакырам....
Булак: "Майдан. kg" гезити