Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, эми ѳлкѳ башчысы жылына бир ирет элге Кайрылуу жасоого милдеттүү. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчѳсү Бекбосун Бѳрүбашев билдирди.
Анын айтымында, Кайрылуунун форматын Жогорку Кеңештин депутаттары ѳзүнчѳ мыйзам менен аныкташат. Президент депутаттардын же Элдин курултайдын ѳкүлдѳрүнүн алдында Кайрылуу жасайт.
Кайрылуунун мазмуну боюнча айтсак, Кайрылуу ѳлкѳнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын, мамлекеттик ѳнүгүүнүн стратегиясын, приоритеттерди ѳзүнѳ камтыйт.
Булак: “Майдан. kg” гезити